ИИМ Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартып койгонуна карабай жыйын өткөрдү…

ИИМ Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартып койгонуна карабай жыйын өткөрдү…

Бүгүн, 9-октябрда үч күндөн бери Ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов менен ИИМ иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып коюшкан.

Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы төгүндөгөн жок. Алардын айтымында, орган кызматкерлери башка министрликтин сыяктуу эле мыйзамдуу жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып барышын талап кылышкан. Ошого байланыштуу бүгүн, 9-октябрда Курсан Асановдун өзүнө айтып, аны имараттан чыгарып коюшкан.

Асановдун ордуна ким келди?

Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруу Алмаз Орозалиевге жүктөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» билдирген. «Биз кырдаал оор күндөрү 6-7-8-октябрда өлкөнүн коопсуздугун жана тартипти сактоо максатында жүктү мойнубузга алып иштедик. Ошол күндөрү бул жоопкерчилик ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары Курсан Асановго жүктөлгөн. Ал өзүнө жүктөлгөн милдетти жакшы аткарды. Бирок биздин милдет кайсы бир кызматты басып алуу эмес. Ошондуктан, ал бүгүн министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берди. Азыр бул кызмат министрдин орун басары Алмаз Орозалиевге жүктөлдү»,-деген Суваналиев.

Кашкар Жунушалиев жана анын орун басарлары кайда?

5-октябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор минтинг өткөргөн. Ошондон бери Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кайда экени белгисиз. Анын 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ошто. Мындай маалыматты Бакыт Сейитов билдирген. Анын айтымында, ал 6-октябрдан бери Оштогу коомдук тартипти сактоо үчүн жергиликтүү милиция менен иш жүргүзүп жатат. Министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов 6-октябрдан бери жумушка чыга элек.

Курсан Асанов болсо…

Кызматтан кеткен Курсан Асанов мекеменин башкы аппаратынын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББдин жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөргөнү тууралуу ИИМдин маалымат кызматы  билдирди. Алардын маалыматына караганда, Курсан Асанов өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берген. Бул жыйынга министрдин орун басарлары Мирлан Каниметов, Алмаз Орозалиев жана Памир Асанов катышкан эмес.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор «Ала-Тоо» аянтында митинг уюштуруп, аягында Ак үйдү басып алышкан. Ошондон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экени билинбей, анын кабинетин Курсан Асанов ээлеп алып, иш алып барып жаткан. Кечээ, 8-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп, министрдин качып кеткенин, азыр кайда экенин билбестигин айткан.

Кыскасы…

Кызмат талашуу, тирешүү ачык эле болуп жатат. Элдин ынтымагын ойлогон эч ким жок. Ар кимиси өз төшөгүнө тартууда. «Ала-Тоо» аянтында болсо Садыр Жапаровду колдогон тарапташтары турат. «Форумдун» алдына экс-президенттин тарапташтары чогулган, ага Атамбаев катышмак. Аларга Өмүрбек Бабановдун тарапташтары кошулганы тууралуу айрым сайттар жазып чыгышты. Ушунун баарын уккан эл: «Эртерээк ынтымакка келип, тынчтык орносо экен!» деп тилек отурушат. Биздин да тилек ошо, бирок, аягы кандай болот, аны бир Кудай билет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ИИМ Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартып койгонуна карабай жыйын өткөрдү…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.