Аида КАСЫМАЛИЕВА: «Садыр Жапаров бийлик менен оппозициянын ортосуна көпүрө боло алган жок»

Аида КАСЫМАЛИЕВА: «Садыр Жапаров бийлик менен оппозициянын ортосуна көпүрө боло алган жок»

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп жаӊы премьер-министрди шайлаарын вице-спикер Аида Касымалиева кечээ, 9-октябрда билдирген. Ошондой эле ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пикирин калтырды:

Мен үч күн мурун Өкмөттүн жаңы башчылыгына Жапаров Садыр Нуркожоевичтин талапкерлигин сунуштоону колдогон Жогорку Кеңештин көпчүлүгүнүн Коалициясынын депутаттарына кайрылам. Эмнеге биз ушул кадамга бардык? Анткени бизге мамлекеттин туруктуулугу, өлкөдө тынчтык жана тартиптин орношун камсыз кылуу түрткү болду. Садыр Жапаров парламенттин ичиндеги жана тышындагы ар кандай саясий күчтөрдүн башын бириктирип, бийлик менен оппозициянын ортосундагы көпүрөгө айланып, пикир келишпестиктерди жоюуга жардам берип, жаңы парламенттик шайлоону үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзүп бере турган адам болот деп ишенгенбиз. Тилекке каршы, акыркы бир нече күндөгү окуялар, анын жеке сапатын эске албаганда, коомдун көпчүлүк бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартарын көрсөттү жана жалпы өлкөнүн башын бириктиргендин ордуна, тескерисинче, ажырым менен пикир келишпестикти күчөтчүдөй кырдаал жаралып, дүрбөлөӊгө алып келди. Элдик ишенимдеги өкмөттүн ордуна кыжырданууга ээ болобуз жана анын премьер-министр болуп шайланышы коомдогу мындан аркы толкундоолорго себеп болот. Биз мындай кооптуу кадамга бара албайбыз

Ошондуктан, урматтуу депутаттар, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы, мурунку чечимин кайра карап чыгып, Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызмат ордуна жаңы талапкерди көрсөтүүнү сунуштайм.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-октябрда Ала-Тоо аянтына Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип, митинг уюштурган. Ага Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тарап тирешип, аягы мушташка айланып, ок да атылган. Кагылышууда Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген.

Айтмакчы, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы айтылган. Бирок Бороновду кызматынан кечээ, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бошотту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.