Видео — Брондолгон аскер техникасынын колоннасы Ак үйдүн алдына келди

Видео — Брондолгон аскер техникасынын колоннасы Ак үйдүн алдына келди

БТР колоннасы (брондолгон транспорт жана согуш техникалары) жана башка аскердик техникалар Токмоктон Бишкекке келишти. Бул тууралуу «Kaktus.media» жазып чыкты.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-октябрда, 21-октябрга чейин саат 20.00дөн таӊкы 08:00го чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Анда аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү шаарга киргизүү тапшырмасы берилген. Ушул эле күнү президент КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабына барып, жаңы дайындалган жетекчи Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады.

ИИМ өзгөчө абал 10-октябрдан тарта күчүнө кире турганын билдирген. Ошондой эле милиция кечээ, 9-октябрда, Ала-Тоо аянтындагы митингде ок чыгарган адамга издөө жарыялады…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.