Видео — Курсан Асанов эмне үчүн кармалганын УКМК айтты

Видео — Курсан Асанов эмне үчүн кармалганын УКМК айтты

Бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары, бир аз күн ички иштер министринин ишин аткарып калган Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, К.Асанов 9-октябрдагы борбордук аянттагы массалык башамаландык иштер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да иликтөө-издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Курсан Асановду кармоо учурундагы тасманы бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүӊүздөр.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев эки жансакчысы Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев менен кайра кармалып, Атамбаевдин балдары Кадыр менен Сеид да суракка алынганы, көп узабай Фарид Ниязов да кармалганы маалым болгон. УКМК аларды да жогоруда айтылган массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдады.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-октябрда, Ала-Тоо аянтына Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип, митинг уюштурган. Ага Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тарап тирешип, аягы мушташка айланып, ок да атылган. Кагылышууда Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, алардын акыбалы орто.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Видео — Курсан Асанов эмне үчүн кармалганын УКМК айтты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.