ИИМ: «Равшан Жээнбеков кафеден кармалып, ИИМдин тергөө кызматына алынып келинди»

ИИМ: «Равшан Жээнбеков кафеден кармалып, ИИМдин тергөө кызматына алынып келинди»

Бүгүн, 11-октябрда, экс-депутат Равшан Жээнбеков да кармалып, ИИМдин тергөө кызматына алынып келинген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ал Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалган. Ага «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыктар боюнча иш козголгон.

Эске салсак, Ала-Тоо аянтындагы кечээги башаламандык фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, атайын экспертиза дайындалып, Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде кылмыш иши ачылган.

Белгилей кетсек, Р.Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, эртең мененки саат 10:00го УКМКга күбө катары суракка чакырылганын, бир нече суроодон кийин кое беришкендиктерин Facebook баракчасына жазган.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылы декабрда камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абакта болчу. 5-октябрдан 6сына караган түнү митинчилер тарабынан ал жана аны менен кошо бир топ саясатчылар: Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Албек Ибраимов, Фарид Ниязов түрмөдөн бошотулган. Булардын арасынан Атамбаев менен Ниязов кармалып, кайра абакка отургузулган. Калганы изделип жатканы маалымдалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.