Айбек Калиев УКМКга өз ыктыяры менен барып, кайрадан абакка отурду

Айбек Калиев УКМКга өз ыктыяры менен барып, кайрадан абакка отурду

Бүгүн, 12-октябрда, Улуттук энергохолдинг ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев УКМКга өз ыктыяры менен кайтып барды жана жаза өтөөсүн улантуу үчүн УКМК кызматкерлеринин коштоосунда мурдагы жайына жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына 12 партия лидерлери, тарапкерлери нааразы болуп Ала-Тоо аянтында митинг уюштурушкан. Анын аягы Ак үйдү, УКМКны басып  алуу менен аяктап, митингчилер бир топ саясатчыларды абактан бошотуп жиберишкен. Алардын арасында Албек Калиев да бар болгон.

Эске сала кетсек, Айбек Калиев — Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бири. Ал жазасын Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында өтөп жаткан. Сот аны 15 жылга кескен эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Айбек Калиев УКМКга өз ыктыяры менен барып, кайрадан абакка отурду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.