Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткен токтом президентке жетти. Ал ага кол коер бекен?

Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткен токтом президентке жетти. Ал ага кол коер бекен?

Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому бүгүн, 13-октябрда,  президент аппаратына келип түштү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева «Спутникке» билдирген.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча, президент 3 күндүн ичинде өкмөт курамын бекитпесе, алар дайындалган болуп эсептелип ишин уланта берет.

Кечээ, 12-октябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөт курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Эске сала кетсек, 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны болгон. Анда премьер-министрди дайындоо маселеси каралып, жыйынга катышкан депутаттар бир добуштан жалгыз талапкер Садыр Жапаровду  кызматка бекитип беришкен. Жыйынга катышып, каалоо-тилек айткан айрым депутаттардын добуш берүүгө катышпагандыгы маалым болду. Жыйынга ким катышкан, ким катышкан эмес, ишеним кат бергендери кимдер — ТИЗМЕни бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Кыскасы, депутаттар бир пикирге келип жыйынга жалпы чогула албагандыктан, бул маселе дале талаш бойдон калууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

2 thoughts on “Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткен токтом президентке жетти. Ал ага кол коер бекен?

  1. Мирлан Бакиров депутаттын колу менен токулган тктомдо Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитүү жөнүндө сөз да жок. Кандидат Садыр Жапаров сунуштаган долбоор бекитилди делет. Кандидат ын озун бекитпец туруп, каяктагы долбоор бекилет. Ушул нерсе эртең бирөө жарым сотко берсе, жокко чыгарганга башкы негиз болуп берет. Кыскасы абсурд!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.