ВИДЕО — Атамбаев түзгөн Антикоррупциялык кызматты Жээнбеков жок кылып кетиптир…

ВИДЕО — Атамбаев түзгөн Антикоррупциялык кызматты Жээнбеков жок кылып кетиптир…

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлгандыгы тууралуу Жарлык «Эркин тоо» гезитине бүгүн, 16-октябрда, расмий жарыяланды. Бул Жарлыкка экс-президент Сооронбай Жээнбеков президент кезинде, 14-октябрда кол койгон. Ага ылайык, бул чечим расмий гезитке жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Экс-президент бул кызматты эмнеге жойгону Жарлыкта атайын түшүндүрмө берилип көрсөтүлгөн эмес. «…Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы №180 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылынган» кадамдардын бири катары берилген.

Жарлыктан Ташиевдин маалыматы жок 

Атайын кызматтын жоюлгандыгы тууралуу маалыматтан кабары жок экенин УКМК жетекчиси болуп бүгүн дайындалган Камчыбек Ташиев журналисттер суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал эми президенттин милдетин убактылуу аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Антикоррупциялык кызмат жетекчиси болуп Бекбосун Апсатаров дайындалган. Бул жагы да кандай чечилет белгисиз…

Атамбаевдин түзүп кеткен Антикоррупциялык кызмат эле…

УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат 2011-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен түзүлгөн. Бирок, мындай буйрукка бир топ депутаттар каршы болушкан. Алар Конституция боюнча президенттин мындай орган түзүүгө укугу жок экенин баса белгилеп, «мындай мекеме саясий атаандаштарына басым көрсөтүш үчүн түзүлдү» дешкен эле.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу нааразычылыктан, саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ал кечээ, 15-октябрда, чечим кабыл алып, арызын жазган. Ал арыз бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында расмий жарыяланды. Андан кийин Сооронбай Шарипович билдирүү жасады. Аны «Азаттык» тарткан ВИДЕОдон көрүӊүз.

Жээнбековду жылуу-жумшак узатышты…

Сооронбай Шариповичти ордуларынан туруп, кол чаап тосуп алган депутаттар, кол чаап, жылуу-жумшак узатышты…

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен. Мамлекеттин стабилдүүлүгүн, эл ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, бүгүн, 15-октябрда, кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазды.

Айтмакчы, экс-президент туптуура бир айдан кийин, 16-ноябрда, 62 жашка чыгат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.