Жапаров Жээнбековго «экс-президент» макамын берди

Жапаров Жээнбековго «экс-президент» макамын берди

Бүгүн, 16-октябрда, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» деген макамга ээ болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта: «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталат» деп жазылган. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен. Мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, бүгүн, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазды.

Белгилей кетсек, экс-президент макамына эки президент ээ болду: Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков. Алмазбек Атамбаевден мындай макамды парламент алып койгон эле…

Айтмакчы, экс-президент Сооронбай Шарипович туптуура бир айдан кийин, 16-ноябрда, 62 жашка чыгат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

2 thoughts on “Жапаров Жээнбековго «экс-президент» макамын берди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.