Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Казынаны тоногон эргулду 4 саатта эле кое беришиптир. Кана чындык?»

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Казынаны тоногон эргулду 4 саатта эле кое беришиптир. Кана чындык?»

Экс-депутат, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич мамлекет кызыкчылыгындагы кандай маселе болбосун дайыма калыстыгынан жазбай келет. Бу жолу дагы ачуу чындыкты айтып чыкты. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

— Адилетсиз бийлик саясатын сындап түрмөдө 4 ай отурдум эле, казынаны тоногон эргулду 4 сатта эле кое беришиптир. Кана чындык?

Эми мындай билдирүүнү калтыртып, Каныбек Осмоналиевичти капа кылган окуянын чоо-жайы баарыбызга маалым. Эми ал маселенин оош-кыйышын карап көрөлү…

Кармалып, эркиндикте калган Райымбек Матраимов

Эске сала кетсек, кечээ, 20-октябрда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып бир дүӊ болгон. Колуна кишен салынып жаткан, кишенген салынган абалда суракка алынып келаткан сүрөттөр интернет айдыӊын жакшы эле аралады. Бирок, ошол эле күнү кайра кое берилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. УКМКнын ыкчам кызматкерлеринин курчоосунда чыккан Райымбек Матраимов журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Адвокатынын айткандары боюнча бир билгенибиз, ал тергөө менен кызматташууга макул болуптур, ошон үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камалбаптыр…

УКМК болсо алгач…

Буга чейин УКМК Р.Матраимов тууралуу башкача айткан. Тагырагы, алар Р.Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшүп мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтиришкен жана бул схема азыркыга чейин иштеп жатат деген маалымат таратышкан. Кийинчерээк ал мамлекетке 2 миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, аны шектелүүчү төлөөгө макул болгондугун жана 80 миллион сомун дароо которгондугун кабарлашкан эле.

Адилеттүүлүк деп 4 ай камакта отурган профессор болсо…

Быйылкы жазда, тагырагы, 2-мартта Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өткөнүн баарыбыз билебиз. Ага Каныбек Осмоналиевич баш-көз болуп, элди тынчтыкка чакырып, жүйөлүү маселелерди ачыктаган эле. Бирок митинг соңунда, кыязы, чагымчылар аракетинен улам чогулгандар менен милиция кагышып, 170ке жакын адам, арасында Каныбек Осмоналиевич болуп кармалып, камалышкан. Сот аз убакытта эле Каныбек Осмоналиевге Кылмыш кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү”) боюнча айып тагып, камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ак жеринен УКМКнын тергөө абагына отуруп калган Каныбек Осмоналиевич ден соолугуна байланыштуу жайында, 26-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Камчыбек ТАШИЕВ: «Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт!«

УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев бул кызматка 16-октябрда президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен келген. 17-октябрда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Райымбек Матраимов тууралуу суроого жообу мындай болгон:

— Аны менен эч кандай бизнес, саясий же партиялык байланышым болгон эмес жана болбойт дагы. Матраимов акыркы беш-алты жылда коомдо өтө чоң резонанс жараткан адам катары, аны, урматтуу журналисттер, көптөгөн коррупциялык иштерге байлап жүрөсүздөр, биз аны иликтейбиз. Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо, толук бойдон жоопко тартабыз. Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт. Мындан ары коомубузду акыйкаттуулук болот. Эч кандай коррупционерлер коомубузда мындан ары жашабайт, биз аларды жашатпайбыз, мыйзам чегинде коомубуздан кууп жок кылабыз. Азырынча ал кишиге эч кандай кылмыш иши да жок экен. Бирок биз ал кишини кармап, журналисттер айткан иштерди текшерип, тиешеси болсо мыйзам чегинде жоопко тартабыз.

Камчыбек ТАШИЕВ: «Райым Матраимовду жөн эле каралай берген болбойт»

К.Ташиевдин кызматка чейин Р.Матраимов тууралуу башкача айтканы бар. Тагырагы, 2019-жылы «Азаттык» радиосундагы маегинде: «Матраимов өтө деле чоң кызматта иштебеген, эң көп болсо бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон . Ал министр да, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт», — деп айткан экен…

Ии, баса…

13-октябрда ЖКнын 90 депутатынын колдоосу менен премьер-министр болгон Садыр Жапаров ошол эле күнү журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн. Анда да Райымбек Матраимов тууралуу суроо узатылган.  «»Кыргызстандан чыгып кеткен» деген маалымат бар» деп жооп берген С.Жапаров.

16-октябрдан президенттин милдетин аткаруучу кызматын да аркалай баштаган Садыр Нургожоевич ошол эле күнү кыргыз элине кайрылуу жасап, анда ал: «Коррупция менен күрөшүү — бул түрмөлөрдү толтуруу эмес» деген…

Сырдуу сүрөттөр…

Бул жерде кандайдыр бир оюн жүрүп жаткандай… Анткени кечээ Райымбек Матраимов кармалгандагы сүрөттөр Интернетке жайнап чыкты. Сүрөттөгү кармап аткан адамдарды тааныгандар да болгон. Тагырагы, алардын бири Сабыр Жумабековдун уулу, бири болсо Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экенин таанып, нааразы болуп, «Матраимовдун өкүл баласы кантип эле өкүл атасынын колуна кишен салсын?» деп жазгандар да болду. Айтор, «баягы, баягы» сырдуу, табышмактуу көрүнүштөр кайра эле башталгандай… Болбосо, келген эле бийлик колунан суурулуп чыгып кетип жаткан Райымбек Матраимов деген ким? Анын артында таасирдүү ким турат? Же жеке таасири ошончолук зорбу? Болбосо, «Матраимовдун миллиондору» деп эле байма-бай иликтенген материалдар чыгып жатат, аларда чындык бар болсо, ал эмнеге дайыма аппак чыгат? Айтор, көп суроо жоопсуз калууда…

Ширин АЙТМАТОВА: «Матраимов УКМКга 7,6 миллион сом турган машина менен барды»

Эске сала кетсек, «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүгү былтыр, май айында жарыкка чыгып дүң болгон. Ал иликтөөдө 700 млн. доллар тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аркылуу күмөндүү жол менен Кыргызстандан чыгарылып тургандыгы айтылган. Ошол иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов 29-ноябрда УКМКга чакырылат. Суракка минип барган унаасынын суммасы эле миллиондорду чапчый турганын “Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, экс-депутат Ширин Айтматова жазып чыкты эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда Райымбек Матраимовдун катыштыгы бар делип «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөөлөр жарыяланган…

Мирзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.