Кош бойлуу аялын аеосуз сабап өлтүргөн мыкаачы кармалды

Кош бойлуу аялын аеосуз сабап өлтүргөн мыкаачы кармалды
ФОТО: «Турмуштан» алынды

Жубайынын өлүмүнө шектелген адам Бишкек шаарынан кармалганы тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, кылмышка шектүүнү кармоого Ош ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери, Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин кызматкерлери катышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адамдын өздүгү аныкталган. А.А. 1988-жылы Ошто туулган. Анын айтымында, аялын сабаганга кызганыч себеп болгон.

Үрөйдү учурган окуя 20-октябрда, саат 13:00 чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. А.А. 1991-жылы туулган Р.М. аттуу жубайына, кайын энесине кол салып, аларды аеосуз сабап, ур-токмокко алган. Анын кесепетинен аялы кечээ, 22-октябрда, каза болуп калган. Кайын энеси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Күбөлөрдүн айтымында, маркум кош бойлуу болгон, жакында көз жармак.

Бул факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери башталды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.