Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп, тыңып кетишибиз үчүн көрсөткөн жардамын санады

Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп, тыңып кетишибиз үчүн көрсөткөн жардамын санады

Орусия президенти Владимир Путин кечээги, 22-октябрда, «Валдай» эл аралык талкуу клубунда Кыргызстандагы соңку окуяларга жеке көз карашын, пикирин билдирди.

Анда ал: «Менимче, ал жакта болуп жаткан окуялар — Кыргызстандын, кыргыз элинин шору. Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес. Билесиздерби, бул эмнени айгинелейт? Көптөгөн өлкөлөр өз алдынча мамлекеттүүлүккө, ошол мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө, мамлекеттик өнүгүү маданиятын түптөөгө алгачкы кадамдарын жасап жатышат. Мен бир канча жолу кесиптештериме  айттым эле, бардык постсоветтик өлкөлөргө өзгөчө мамиле жана мамлекеттүүлүк өнүм-бүчүрлөрүнө аяр колдоо керек деп. Сырттан кандайдыр бир кеӊештер менен кийлигишкендин кереги жок, себеп дегенде, ал бул өлкөлөрдөгү жаӊыдан жаралган, ансыз да морт, назик суверендүүлүк институттарын талкалап коет«, — деди.

Ошондой эле Путин Кыргызстандын ички ишине эч ким кийлигишпей тургандыгын айтып, кулагыӊарга күмүш сырга деп баарыбызга эскерттиби, же кимдир бирөөлөргө багыттап айтканыбы, айтор, Кыргызстанга Орусия, алар ичинде турган ЖККУ, ЕАЭБ көрсөткөн миллион долларлык жардамдарды санап өттү:

«Кыргызстандын ЖККУ, ЕАЭБ мүчөсү болгону мени кубандырат. Биз Кыргызстан тыңып кетсин деп жардам берип көп иш кылдык. Кыргызстандын экономикасына, ар кыл тармактык өндүрүшүнө көп колдоо көрсөттүк, ЕАЭБге ыңгайлашуусуна шарт түзүш үчүн жүз миллиондогон долларларды бөлдүк. 500 миллион долларлык долбоорду ишке ашырдык. Бул эми ондогон миллион гранттарды кошпогондо, акыркы убактагыларды эле айтып атам. Бирок, албетте, ал жакта (Кыргызстанда — ред.) болуп жаткан окуяларга өкүнүчсүз, түпөйүл болбой карай албайбыз. Бирок, айтып коеюн, биз ал жакка кайсы бир саясий күчтөрдү колдойт элек деп кеңеш-насааттарыбызды айтып кийлигишкен жокпуз. Бардыгы калыбына келет, буттарына турат, Кыргызстан өнүгөт, өсөт, алар менен эң жакшы мамилелерибизди сактап калабыз деген ишенимдемин».

Белгилей кетсек, башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган. Ал эми мамлекеттүүлүккө келгенде, байыркы мезгилден ар кыл элдер менен болгон кылымдык ынтымагыбызды, соода, маданият, саясат ж.б. алака-катнашыбызды, улуу тарыхыбызды даӊазалап мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгын бир учурда салтанат менен белгилегенибизди ааламдын баары болбосо да, айрымдары билсе керек. Бирок Владимир Владимирович «өз алдынча мамлекеттүүлүккө, ошол мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө, мамлекеттик өнүгүү маданиятын түптөөгө алгачкы кадамдарын жасап жатышат» деп мамлекеттүүлүгүбүздү эгемендик 29 жыл менен кыйыр да, түз да чектеп сүйлөгөнсүдү… Анан да «миллион долларлык жардамдары» менен «силерди биз багып жатабыз, оңбогондой акча сарптап жатабыз, алыңарды билгиле» дегендей эле болду. Ал эми «эч ким кийлигишпейт» дегенге келсек, туурасын айтканда, «кийлигишип жатам» деп эч ким айтпайт, башаламандыкты каалаган сырткы күчтөр жок эмес, алардын «акырынан жем жеген» «ичтеги ийри жыландар» да аз эмес…

Деген менен, Кыргызстандын 15-октябрдан кийин келген жаңы бийлиги менен өлкөнүн башкы стратегиялык өнөктөшү  саналган Орусия бийлиги тийиштүү деңгээлде диалог түзө элек. Расмий маалыматтарга караганда, эки тараптуу дипломатиялык алакалар тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде гана жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялар жана алардын тарапташтары 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, аягы башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берген эле. Учурда мамлекет башчысынын милдетин 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапташтары түрмөдөн бошотуп, кийин парламент премьер-министрликке талапкерлигин тандап, агездеги президент Сооронбай Жээнбеков бекитип кеткен Садыр Жапаров аткарууда.

22-октябрда болсо, Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору үч окууда эле жактырылып, кабыл алынды.

23-октябрда  болсо,  Садыр Жапаров президенттик жана парламенттик шайлоолор качан болоорун билдирди.

Кыскасы, октябрь ичи өлкө тагдырын калчаган, чайкаган, чайпаган, ВВПдай сырттагылар баш чайкаган окуяларга бай болууда… Аягы эл каалаган жакшы жолго бурулсун деп үмүт кылып турабыз биз кыпылдап…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.