ЖАПАРОВ: «Парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула, баары жакшы болот!»

ЖАПАРОВ: «Парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула, баары жакшы болот!»

Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров «Фейсбук», «Инстаграм», «Телеграм» баракчаларына бүгүн, 23-октябрда, президенттик жана парламенттик шайлоолор 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөрү тууралуу билдирүү калтырды. Ал толугу менен төмөндө:

— Урматтуу кыргызстандыктар!
Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.
Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор, буюрса, мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы, парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!

Эске сала кетсек, кечээ, 22-октябрда, Садыр Жапаров Кыргызстан президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ЖАПАРОВ: «Парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула, баары жакшы болот!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.