Садыр Жапаровдун кеӊешчиси Акылбек Жапаров Ак үйдү оңдоого 450 миллион сом кетээрин айтты…

Садыр Жапаровдун кеӊешчиси Акылбек Жапаров Ак үйдү оңдоого 450 миллион сом кетээрин айтты…

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун экономика жана финансы тармагы боюнча кеңешчиси ЖК депутаты Акылбек Жапаров парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларында эл киргенден кийин бир кыйла жабыркаган Ак үй ичин оңдоо-түздөөгө кеминде 450 миллион сом кетээрин кечээ, 22-октябрда, парламенттик жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы Ак үй талкаланганда 380 миллион сомго оңдолгон. «Азыр материалдардын кымбаттыгынан улам оңдоо иштери кымбатка турушу мүмкүн, кеминде 450 миллион сом болушу ыктымал”, – дейт эсеп-кысапты мыкты билген Акылбек мырза.

Айтмакчы…

Акылбек Жапаровдун Садыр Жапаровго кеңешчи болгону да кечээги парламенттик жыйында белгилүү болду. Спикер орун басары Мирлан Бакиров Акылбек Жапаровду премьер-министр кеңешчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, буга чейин ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да кеңешчиси (!) болгонун айта кетти эле, Жапаров: Эгерде Мухаммедкалый Абылгазиев менин кеңешимди укса, анда ал ишин уланта бермек”, – деп жооп узатты.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Митингчилер аягында Ак үйдү басып алып, тилекке каршы, Ак үй алынды деп эле тим болбой, ичиндеги бир топ мүлктү талкалап, сындырып, бүлүндүрүп, өрттөп да салышкан…  

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

One thought on “Садыр Жапаровдун кеӊешчиси Акылбек Жапаров Ак үйдү оңдоого 450 миллион сом кетээрин айтты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.