Жапаровдун жубайы ээлик кылган компания мамлекетке канча сумма зыян келтиргени айтылды

Жапаровдун жубайы ээлик кылган компания мамлекетке канча сумма зыян келтиргени айтылды

Бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеӊеш депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы жетектеген компаниянын мамлекетке келтирген акчалай зыяндын көлөмү ачыкталды. Тагырагы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча башкармалыгы «МИС» ААКсы ири суммадагы салык төлөбөгөнүн аныктады.

Айтымында, Ысык-Ата районунда коммерциялык, өндүрүш жана айыл чарба багытындагы кыймылсыз 30 мүлккө «МИС» ААКсы ээлик кылган. Ал компания бир топ жыл салык отчету боюнча жалган маалымат берип мамлекеттик бюджетке 90 млн сом зыян келтирген.

Каржы полициясынын маалыматына караганда, «МИС» ААКнын негизги акционерлери: «E.C.L.» оффшордук компаниясы жана Жапарова Анара Барыктабасовна (Акылбек Жапаровдун жубайы)«МИС» компаниясына жогорку кызматтагы адамдардын жардамы менен Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунан (2009-жылы 2012-жылга чейин) 200 млн сом бюджеттик насыя берилген. Алынган каражат башкага пайдаланылып, насыяны төлөө мөөнөтү эки жолу өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда, насыядан кутулуу мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылган. Бул факт боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин эле аталган компания депутат Акылбек Жапаровго таандык экендиги, ал жубайынын атына катталгандыгы айтылып келген. Аталган компанияга байланыштуу 2017-жылы кылмыш иши козголгон. УКМКнын ошол учурдагы маалыматы боюнча, ишкананын өкмөткө карызы — 237 млн. 791 миӊ 75 сомду түзгөн.

Эки Жапаров…

Белгилей кетсек, депутат Акылбек Жапаров президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун экономика жана финансы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болгонун парламент жыйынында билдирген. Шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгечилердин бири болгон Акылбек Жапаров парламентте кеңири баяндама жасаган эле. Ал тууралуу «Азаттыкка» кенен маек куруп да берген.

Ал эми Садыр Жапаров 27-октябрда Акылбек Жапаровдун билимин, тажрыйбасын эске алуу менен кеңешчи болууну сунуш кылганын, акыркы убакта анын дарегине айтылган сындан улам кызматтан алганын КТРге маек берип жатып билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Жапаровдун жубайы ээлик кылган компания мамлекетке канча сумма зыян келтиргени айтылды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.