УКМК: «Кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жеринен курал-жарактар табылды»

УКМК: «Кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жеринен курал-жарактар табылды»

Ошто кайсы бир кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жери тинтүүгө алынып, курал-жарактар табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда, билдирди.

Алардын айтымында, АК-47 үлгүсүндөгү эки мылтык, травматикалык эки тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги «ТОЗ-34» маркасындагы 2 көзөнөктүү бир мылтык, оптикалык мээлегичи бар бир мылтык, белгисиз маркадагы колго жасалган мылтык, ТОЗ-16 маркасындагы бир мылтык, 15 бычак, жезден жасалган эки кастет жана көп сандагы ок табылган. УКМК Жазык кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгү (“Кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин негизинде, Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топко каршы аракеттерди жүргүзүүдө.

Бүгүн Көлбаевдин баш коргоо чарасы каралмак, бирок…

Буга чейин ИИМ Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 адамдан турган түрдүү топтор расмий катталганын билдирген.

22-октябрда “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) кармалган. Анын бөгөт чарасы бүгүн, 3-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда каралмак. Бирок сот отуруму болбой калды. Ага Көлбаевдин адвокаттары шаардык сотко берген арызын кайра кайтарып алышы себеп болду. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.