ВИДЕО — Генерал Курсан Асанов үй камагына чыгарылып, билдирүү жасады

ВИДЕО — Генерал Курсан Асанов үй камагына чыгарылып, билдирүү жасады

Бүгүн, 4-ноябрда, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Генерал элге кайрылып, азыркы козголгон кылмыш иштери боюнча кийинчерээк кенен токтолуп айтып берерин жана соӊку окуяларда жөн эле чакырып койбой, атайын кармап кетип камакка алышканын мурунку бийликтин саясий заказы деп билдирди.

Белгилей кетсек, К.Асанов 10-октябрда кармалып, Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 10-декабрга чейин камакка алынган болчу. 2-ноябрда Асановдун тарапташтары УКМК имаратынын жанында митинг өткөрүшкөн эле.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катышкан. Шайлоо жыйынтыгына нааразы тараптар 5-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг уюштуруп, аягында митингчилер Ак үйдү басып алышкан. Ошондон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экени билинбей, анын кабинетин убактылуу Курсан Асанов ээлеп, ошол учурдагы кырдаалды турукташтыруу максатында милицияга дем берип, элдик кошуундарды түзүп, маанилүү объектилерди кайтартып бир кыйла зарыл иштерди алып барган. 8-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп, ички иштер министринин качып кеткенин, азыр кайда экенин билбестигин айткан эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.