Раиса Атамбаева ооруп жаткан Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранууда..

Раиса Атамбаева ооруп жаткан Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранууда..

Бүгүн, 5-ноябрда, ооруп жатат делип жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевди жубайы Раиса Атамбаева жана тарапташтары үй камагына чыгарууну суранып №47 түзөтүү колониясынын алдына чогулушту.

Алардын айтымында, Атамбаевдин абалы начарлап кеткен, ошондуктан кайдыгер эмес адамдар анын ден соолугуна тынчсызданып, дарылануу үчүн үй камагына чыгарып бошотууну бийликтен суранып келишкен.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев экс-президент бронхит менен ооруп калганын билдирген. ЖАМК 27-октябрда Атамбаевди СИЗО-1ден №47 колонияга которулганын айткан.

Эске салсак, быйыл, июнь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча ишти карап, өз өкүмүн чыгарган: Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга кесип, мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыраткан эле. Августта Бишкек шаардык соту да бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Анан парламенттик шайлоонун шайтан оюндарынан кийин бийлик алмашып, 5-октябрдын 6-октябрына караган түнү арасында Алмазбек Атамбаев да болгон бир топ саясатчы абактан бошотулган эле. 9-октябрда Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаев жана башка бир катар мурда-кийинки атка минер, саясатчылар тарапташтары менен «Форум» имаратынын алдына чогулуп, андан кийин тынчтык митинги деп Ала-Тоо аянтына  барышкан. Ал жерден Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагышып, бөтөлкө, таштар ыргып, Алмазбек Шаршенович унаага отуруп жатканда, анын унаасына ок жаӊылып, айтор, бир кыйла ызы-чуу болуп тарашкан. Бирок эртеси эле Алмазбек Атамбаев кайра камакка алынган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.