«Орто-Сай» базарындагы түндө чыккан өрт боюнча ӨКМ маалымат берди

«Орто-Сай» базарындагы түндө чыккан өрт боюнча ӨКМ маалымат берди

9-ноябрда, түнкү саат 02:16да “Орто-Сай” базарынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, өрт Сүйөркулов көчөсү тарабынан саат 00:18де башталган. Ал жерге өрт өчүрүүчү 5 машина тартылып, саат 02:16да өрт чектөөгө алынып, эртең мененки саат 8:55де толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоо болжол менен 1 800 чарчы метрди жалмап кеткен. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгышынын себеби азырынча белгисиз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.