Имамидин Ташов президенттикке аттанды. Анын атаандаштары кимдер? (Тизме)

Имамидин Ташов президенттикке аттанды. Анын атаандаштары кимдер? (Тизме)

Жаштар арасында төбөсү көрүнгөн, кыргыз үчүн кызматын эрте жашынан баштаган жаш ишкер Имамидин Ташов мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арызын бүгүн, 13-ноябрда, тапшырды.

Ошентип, муктаждардын муң-зарын угуп, карапайым канча жандын муктаждыгын чечип берип, канча адамда жашоо үмүтүн жандырган Имамидин Ташов президенттикке аттанган 33-талапкер болуп катталды. Эми «Эртеңки күнгө тарых жаратуу үчүн, бул күнгө чейин миңдеген элге жардам кылып келсем, эми миллиондогон элге кол сунуш үчүн Президенттике талапкерлигимди койдум!» деген Имамидин өлкө тагдырына таяныч болчу ишин жалпы элдин колдоосу менен улантканы турат. Ал колдоо — жөн колдоо эмес. Буга чейин деле Имамидин Ташовду 30дай коомдук уюм, саясий топтор, жаштардын калыӊ тобу «кыргыздын бычакка сап азаматтарынын бири, президент болууга татыктуу инсан» деп колдоп, сүрөп жатканы ынанымдуу кеп болуп айтылып келатканы маалым…

Айтмакчы, БШК билдирүүсүнө караганда президент болмокчумун деп 34 талапкер БШКга арыз менен кайрылган. Бирок, анын бири, болочок президент ким болорун айта калган айрым божомолдору туура чыгып «старик Ванга» атыккан Бакыт Бакетаев, төлгөсү төп келбей калганбы же башка себеби барбы, айтор, арызын кайтарып алган…

Калган 33 талапкер кимдер десеӊиз, ал тизме өзүнчө кызык:

1. Адахан Мадумаров,

2. Арстанбек Абдылдаев,

3. Назарбек Нышанов,

4. Кубан Чороев,

5. Бектур Асанов,

6. Канатбек Исаев,

7. Абыкаар Сыдыков,

8. Сазыкбай Турдумалиев,

9. Нурлан Мотуев,

10. Рашид Тагаев,

11. Жеңишбек Байкуттиев,

12. Клара Сооронкулова,

13. Кубанычбек Кадыров,

14. Азамат Эсенбеков,

15. Аймен Касенов,

16. Садык Шер-Нияз,

17. Асланбек Малиев,

18. Үрүстөм Кабылбеков,

19. Илгиз Товкеев,

20. Бактыбек Калмаматов,

21. Жамбыл Камчиев,

22. Мыктыбек Арстанбек,

23. Токтайым Үмөталиева,

24. Элеонора Турдубекова,

25. Медер Болгомбаев;

26. Анар Зарипова;

27. Куттуумидин Базаркулов;

28. Бакыт Романов;

29. Турсунбек Жумабеков;

30. Эрбол Токтогулов;

31. Карагач Исмаилова;

32. Марат Кайыпов,

33. Имамидин Ташов

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Баса, президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок БШКга арыз бере элек.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоонун шайтан оюнунан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Тагырагы, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, Ак үй, УКМК басып алынып, бир топ саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач соттон акталып, үч жолу премьер-министрликке талапкерлиги коюлуп, акырында 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп мыйзамдуу бекитилген (ага чейин кимдер премьер болгонун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып, кызматтан кеткен. Ошол эле күнү кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып «кош кызматты кошо ала кетерин» жарыя кылгандан бери премьерлик менен катар президенттин да милдетин убактылуу аткарып келатат. Бул кызматты 14-ноябрда өткөрүп берерин айткан эле…

Эгер Жапаров шайлоого катышам деп кызматын өткөрүп берсе, мыйзам боюнча президенттик да, премьерлик да ишти аткарууну токтотот да, өлкө башчысынын милдеттерин убактылуу ЖК төрагасы Талант Мамытов аткарып, ал эми өкмөттү убактылуу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жетектеп калат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.