ВИДЕО — Өмүрбек Текебаев «Вы никто!» деген Бектур Зулпиев Жаңы Конституциянын авторубу?

ВИДЕО — Өмүрбек Текебаев «Вы никто!» деген Бектур Зулпиев Жаңы Конституциянын авторубу?

Эки күндөн бери чуу жараткан Конституциянын жаңы долбоорунун автору ачыкталды окшойт. Мындай маалыматты бүгүн, 19-ноябрда, «АКИпресс» жазып, жүктөлгөн файлдын сүрөтүн жайгаштырды.

Алардын жазганына таянсак, Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн (файл) документтин автору — президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары  Бектур Зулпиев. Тагырагы, Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына анын компьютеринен алынып жүктөлгөн.

Зулпиев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнө катышканда, ага журналист Айзада Касымалиева «Автору ким?» деп суроо бергенде, аны такыр билбестигин, Конституциянын коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты деп катуу белгилеген. Анын жообуна ачууланган депутат Өмүрбек Текебаев «Конституцияны каалагандай калчагандай, аны жашыруун даярдагандай, элди алдагандай силер кимсиңер? Орусча айтканда, «Вы никто!» деген. Андагы кызуу талкууну толугу менен төмөндөгү Видеодон көрүңүз!

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга 17-ноябрда алып чыккан; жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент сунуштоодо; тагырагы, депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат…

Айрым саясатчылар жана укук коргоочулар: «Эгер бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт» деген пикирде. Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Не болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаӊы Конституция «Ханституция» атыгууда…

Жаӊы долбоордун негиздеме-маалымкатында учурдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө андагы «карама-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталганы» жазылган…

Айтор, коомчулукта «Ханституция» аталып катуу талкуу болуп жаткан жаӊы Баш мыйзам долбоорун ЖК депутаты Дастан Бекешев «Бакиевдердин 2010-жылдагы 7-апрель үчүн өч алуусу» деп атады: «Өлкө бакиевчил заманга кайтып баруунун босогосунда турат. Бизди алдыда кыйын күндөр күтүүдө. 80 депутаттын аркасы менен артка кеттик. 2010-жылдын 7-апрелинде авторитардык режимге каршы чыгып каза тапкан 80ден ашуун мекендештерибиздин өлүмү унутулду. Биз кайрадан авторитаризмге кайтып жатабыз»… Ал эми ушуга жол берип жаткан VI чакырылыштагы парламентке да таамай баасын берип: «Мурда парламентти пластилин деп атачу элем. Суранам, мени кечириңиздер, мен катуу жаңылышыпмын. Пластилин бекемирээк… …Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деп эсептейт Дастан Бекешев…

Чынбы-калппы, кайдан, күбүр-шыбыр кептер боюнча, намысына келишкенби, айтор, «долбоордун авторлору» катары көрсөтүлүп жаткан 80 депутаттын көбү «бул документти көргөн да, окуган да эмеспиз» деп койгон колдорун чакыртып ала башташкан имиш. Анткен менен, долбоорду аябай колдоп жаткандар да бар экен. Айтымында, алар — «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынан ушул бийликтин келишине себепкер өткөндөгү адилетсиз шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон депутаттар…

Ал эми аз убакыт Садыр Жапаровдун кеңешчиси боло калган ЖК депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров президент бийлиги күчөтүлгөн Конституциянын долбоорун  президенттин администрациясы, юстиция министрлиги жана өкмөт иштеп чыкты дейт. Айтымында, Садыр Жапаров бул жаӊы Конституцияга тийиштүү өз сунуштарын мурда эле айткан. Кеп өӊүтүнө караганда, өкмөт башында президенттин турушу, соттордун көзкарандысыз болушу, депутаттар санынын 90го түшүшү, анын ичинен 35и бир мандаттуу, 55и партиялык система менен шайланышы ж.б. дагы бир канчасы, кыязы, Садыр Жапаровдун сунуштары…

Айтмакчы, Бектур Зулпиев тууралуу…

21-октябрда анда президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өз Жарлыгы менен илгертен «көмүскөдө Баш мыйзам жазгыч» даӊазасы бар, бийликтегилерге «сакадай бою сары алтын юрист» Бектур Зулпиевди президент аппаратынын жетекчисинин орун басары кылып дайындаган. Анын арттагы өмүр таржымалына сереп салсак, Бектур Зулпиев мурдагы президент Курманбек Бакиев заманында, 2005-жылдын сентябрь айында президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп келип, аны 2009-жылга чейин жетектеген; 2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын апрелине чейин да юридикалык кызматты башкарган…

Баса, кошумчалай кетсек, Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары — 2013-жылы 17-июнда Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиевди актап, кийин ал үчүн кызматтан алынган эки соттун бири Медербек Сатыев… Экинчи судья болсо, учурда Башкы прокурор жана жаӊы Конституцияны талдап-тактап жаткан Конституциялык кеӊешменин мүчөсү — Курманкул Зулушев

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

8 thoughts on “ВИДЕО — Өмүрбек Текебаев «Вы никто!» деген Бектур Зулпиев Жаңы Конституциянын авторубу?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.