ВИДЕО — Роза ОТУНБАЕВА: «Көйнөгүн жыртканга даяр фанаттарга жана Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет»

ВИДЕО — Роза ОТУНБАЕВА: «Көйнөгүн жыртканга даяр фанаттарга жана Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет»

Бүгүн, 20-ноябрда, Бишкекте «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аттуу жарандык коомдун чукул жыйыны болуп өттү. Тегерек столдо Конституциянын сунушталган жаңы долбоору талкууланды. Талкууга экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, экс-спикер Абдыганы Эркебаев, экс-премьер-министр Феликс Кулов, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-депутаттар Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Анда Роза Отунбаева: «Садыр Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет. Биздин бюджет ашып барса 2 миллиард долларга жетет. Анын 20 пайызга жакыны тышкы гранттык жардамдар менен толукталып, жан багып жатабыз. Бюджетибиз эңшерилип турганда, бизден баары жүзүн буруп кете тургандай кооптуу кадамга барып жатпайбызбы. Бул Кыргызстан үчүн коркунучтуу деп ойлойм. Ушундай суукта, ызы-чуу учурунда жана коронавирус шартында каражатсыз калуу кооптуулугун айтып жатабыз. Биз аша чапкан, көкүрөк каккан аракеттерибиз менен жаңы Конституцияны жазып, эл аралык аренадагы позициябызды көрсөтүүдөбүз. Токтоткула, ойлонгула, өз элибизди кайсы жакка түртүп жатабыз?!Биринчи кезекте жаңы бийлик үчүн көйнөгүн жыртканга даяр фанаттарга кайрылам.

Сиз, Садыр Нургожоевич, президенттик мөөнөтүңүздүн аягында Кыргызстанды кандай элестетесиз? Эмне үчүн миграция көйгөйлөрүн жана жаштардын келечегин талкуулабайбыз? Ушундай көйгөйлүү маселелерди талкуулоону бардыгы талап кылат«, — деди.

Садыр ЖАПАРОВ: «2010-жылдагы Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган»

Президенттик шайлоого талапкер Садыр Жапаров айтылып жаткан сын-пикирге кечээ, 19-ноябрда, «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берген. Ал муну бут тосуу катары баалады. Элге кайрылуусун толугу менен төмөндө:

— Урматтуу кыргыз элим, урматтуу кыргызстандыктар!
Мамлекетибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдырын чечүүчү учур келип жетти.
“Биз мамлекетибизди өнүктүрүп, алдыга жылабызбы же биротоло жок болобузбу? Келечегибиз барбы, урпактарыбызга эмне калтырабыз?” – деген жалпы коомчулуктун көйгөйлүү талаптарына жооп бере турган убакыт келди деп эсептейм.
Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциясында жана андан кийин өзгөртүү, толуктоолору менен кабыл алынган Конституциялардын редакцияларында Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынат деп так жазылган эле.
Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мумкүнчүлүгү берилген.
Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон.
Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакытта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган.
Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган.
Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым.
Ал эми элдин талабы эмнеде? Албетте, экономиканы көтөрүү, элдин социалдык муктаждыгын жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу жана ошондой эле башка орчундуу маселелерди чечүү.
Жалпы кыргызстандыктардын талаптарын аткаруу үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылчылыгы келип чыкты. Анткени 2010-жылда кабыл алынган Конституция менен биз мындан ары жашай албай турганыбызды жогоруда айтылган он жылдык турмуштук тажрыйбабыз даана көрсөттү.
Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескерисинче, мамлекеттин түзүлүшү жана мамлекеттик маанидеги башка орчундуу маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн элге кайтарып берүү катары эсептөө керек.
Мындан жыйырма эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор “кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат” деп, кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга дагы каршы болуп, “мыйзам бузуулар болуп жатат” деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Эгерде жаңыланууну жана келечекте өнүккөн кыргыз мамлекетинде жашоону кааласак, анда биз анык реформаларга барышыбыз керек.
Ошондуктан кыргызстандыктар, жалпыңыздарды Конституциянын жаңы долборун талкуулоого активдүү катышууга чакырам.
“Талаштан тактык жаралат” демекчи, талкуу ачык-айкын жүргүзүлөт. Сунушуңарды бериңиздер, баардыгы эске алынат.
Азыркы элдин талкуусуна коюлуп жаткан Конституция 2010-жылдагыдай кылып, бир кишинин же бир топтун пайдасына жазылып жаткан жери жок.
Өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, кыйкырып чыгып жаткандардын жүзү курусун. Алардын 30 жылдан бери бузукулук кылып жүргөн чыныгы жүздөрүн ача турган убакыт келди.
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстаныбыздын келечеги Сиздердин колуңуздарда экенин дагы бир ирет белгилеп кетким келет!

Багы ачылбаган байкуш Конституция…

Байкуш Конституциябыздын багы ачылбай келет. Келген эле бийлик аны каалаганындай калчап келатканы ачуу чындык. Садыр Жапаровдун бийлигинде да бул маселе козголду. Тагырагы, автору жок Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда алып чыккан. Жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент сунушташууда. Тагыраак айтканда, депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Айрым саясатчылар жана укук коргоочулар: «Эгер бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт» деген пикирде. Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Неси болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болууда. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “ВИДЕО — Роза ОТУНБАЕВА: «Көйнөгүн жыртканга даяр фанаттарга жана Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.