ВИДЕО — Каныбек Иманалиев Ысык-Көлдөн чыккан акелерди атады. “Шералы хандын чокою”…

ВИДЕО — Каныбек Иманалиев Ысык-Көлдөн чыккан акелерди атады. “Шералы хандын чокою”…

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев менен кошо бир топ саясатчылар маалыматтык жыйын өткөргөн. Анда Каныбек Капашович Ысык-Көлдөн чыккан акелерди, манасчы, окумуштууларды санап, экс-президенттердин билимине басым жасап, Садыр Жапаровдун билимин баса белгилеп, эгер Жапаров бийликке келип калса, Кыргызстанды Ооганстанга айлантып салаарын жар салган.

Аны төмөндөгү ВИДЕОдон уксаӊыз болот:

Жогоруда Каныбек Капашович атап өткөн, өмүрү өрнөк, кыргыздын кылымда бир жаралчу тарыхый инсандарды эскере жүрүү биздин да парз. Эс-акылыбызды “Шералынын чокоюндай” эскиртпей, алар жана алардын тарыхта калган мыкты иштери тууралуу айта жүрүү, кийинки муундарга өткөрүп берүү да биздин парз. Эсен болуп, эстей жүр!

Үзөңгүгө тагылган уудан набыт болгон Тилекмат аке

“Көчмөндөр кагылышы” тарыхый романы жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин калеминен жаралган. Бул романда баяндалган тарыхый инсандардын бири — Тилекмат Жылкыайдар уулу. Жарыкка келген, өлгөн жылы, күнү боюнча так маалымат жок. Болжол менен 1799-жылдары жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен акыл-эстүү чоңойгон Тилекматтын ата-теги «Бирназар бийдин тонсуз балдары: Бүргүжал, Жылкыайдар, Айбаш, Түлөбай, Багыш» деп көрсөтүлөт. Ошол «тонсуз балдардын» бири Жылкыайдардан Тилекмат төрөлөт. Айтымында, кыргызда илгертен «тонсуз балдар» деп бакма балдарды айтып коюшчу экен. Анткен менен, Көлдөн чыккан алты акенин бири Тилекмат аке татаал учурда «караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан», эл намысын коргоодо кылыч мизинде турган, туңгуюкта турган калың элди кыйынчылыктан чыгарып кеткен, калыс, таза, ажаат ачкан, элди ынтымакка, биримдикке үндөгөн элчи, мыкты дипломат болгону айтылат. Бир эле мисал, 1830-жылдары Кокон хандыгынын беги Көлгө келип, Тамгага сарбаздарынан бугунун эл башчысын чакыртат. Боронбайдын ордуна Тилекмат аке барып ишти кынтыгы жок бүтүрүп, «Бугу элинин ханы» делген Кудаяр хандын мөөрү басылган күбөлүк алат. Бирок, кийин ак жеринен каралап, төбөлдөр жалган жалаа менен абакка каматышат. Кийин акталып, Верный (Алматы) түрмөсүнөн бошонуп келатканда көрө албастардын үзөңгүгө тагып койгон уусунан жолдо көз жумат.

Калмак менен кыргыздардын ортосунда элчи болгон — Кыдыр аке

Кыдыр аке Байсары уулу — Ысык-Көлдүн жети акесинин бири, арык уругунан чыккан манап. Калмак менен кыргыздардын ортосунда элчи катары белгилүү болгон Олжобай бийдин небереси. 1861-жылы 18 жаш курагында болуш болуп шайланган.

Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине Каракол уездинен кадырман делегат катары чакырылган. Эки элдин ортосундагы байланышта көрсөткөн ишмердиги үчүн ага күмүш медаль жана подполковник чини ыйгарылган.

1916-жылдагы Үркүн окуясы учурунда Ысык-Көл өрөөнүнүн бардык айылы Кытайга качканда, Кыдыр аке Орусия империясындагы өзүнүн баркынын бийиктигине байланыштуу өзү жашаган Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык жана башка коңшу айылдарды орустардын куугунтугунан аман сактап калган. Калыстыгын, акылмандыгын эл баалаган.

1993-жылы 150 жылдыгы белгиленип, Кереге-Таш айылынын четине бийиктиги 16 метр болгон күмбөз тургузулган.

Атасы таштап кеткен Нүзүп бий

Нүзүп аталык — жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы тарыхый инсан. XIX кылымда Аксы аймагынан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, аскер башчысы. Атасы Эсенбай өз мезгилинде Кокон ордосунда кадыр-барктуу, таасирдүү адам болгон. Ушул атасы апасын салынды кылып таштап кеткенде, Нүзүп “мен сизден да кыйын болом” деген намыс менен чоңоет. Айткандай эле ал Кокон хандыгында катардагы сарбаздан миң башыга чейин көтөрүлгөн, баатырдыгы, чечкиндүүлүгү, даанышмандыгы, акылы, кашкөйлүгү менен алыс-жакынга таанылган өтө таасирдүү даражага жеткен. Ордодо «аталык» мансабын негиздеп, Нүзүп аталык аталып, аталыктан бий даражасына чейин жеткен. Анын акылы менен катуу каршылыктарга карабай ордо душмандардан тазаланып, хандык калыбына келтирилип, Таластан өмүрүнүн көбү мал менен өтүп келаткан Шералы такка отурат.

Тилекке каршы, “кайдан келдиң, ким элең, эстей жүр” деп Нүзүп аталык көрүнө жерге “чокоюн” илдирген Шералы хан эскисин унутуп, бузукулар тилине кирип жарлыгы менен Нүзүп бийдин башын алдырат.

Ылакапга айланган “Шералы хандын чокою”…

Шерали хан кокустан бийликке келип калган Кокон ханы. Ал хан тукумунан болгону менен, тарыхый кырдаалдан улам 14 жашынан ордодон алыс Таласта мал кайтарып жашап калат. Нүзүп аны таап, «Мен кантип эл башкармак элем?!” кыйылганына карабай көндүрүп, Таластан Аксыга көчүрүп барып, туш-тараптагы кыргыздарга кат жөнөтүп, кол курап, ак боз бээни курмандыкка чалып, Шералыны ак кийизге салып хан көтөрүп Коконду көздөй аттанат. Канча каршылашты баштан өткөрүп хан кылганыбызды, өткөнүн унутпасын, “Кечээ ким элең? Унутпай жүр!” деп, Шералынын чокоюн ордонун көрүнө жерине илдиртип коет. Шералы хандын тегерегиндегилер “Нүзүп сизди шылдыңдап жатат, андан сиз мыктысыз, аны жок кылуу керек” деп бузуп отуруп, Нүзүптүн башын алуу жарлыгына мөөрүн бастырып алышат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.