Бүгүн 55 ишкер айым бепбекер кийим-кече таратат. Каерде дебейсиӊерби…

Бүгүн 55 ишкер айым бепбекер кийим-кече таратат. Каерде дебейсиӊерби…

Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкекте жалаӊ кыздардан турган «Нурлуу кайрымдуу кыздар жамааты» кезектеги иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу негиздөөчүлөрдүн бири Инаят Ниматова билдирди.

Анын айтымында, муктаж үй-бүлөлөргө кийимдер бекер таратылат. Аларга чакыруу кагазы да таратылган.

«Аллахымдын ыраазычылыгы үчүн соопчулук иштерди жасайлы деген ниетте кыз-келиндер чогулганбыз. Карантин башталганда, апрель айынын башында «Дордойдо» иштеген ишкер 55 айым жамаат түзгөнбүз. Жетекчибиз — Зухра Кемелбекова. Карантин бүткөнгө чейин элге азык-түлүк тараттык. Пневмония башталганда эӊ биринчилерден болуп биз 82 кычкылтек концентраторун тараттык, алгач Бишкекке, анан аймактарга. Максатыбыз — калкыбыздын катмарына колдоо көрсөтүү. Ушундай иш- чараны көп эле өткөрүп келатабыз жана кыла бермекчибиз. Элибизге бакубат жашоо каалайбыз. Мындан ары башыбыз кемибесин, көбөйсүн«, — дейт Инаят Ниматова.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.