КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ: «Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын аягына чейин 296 миң сом пенсия алат»

КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ: «Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын аягына чейин 296 миң сом пенсия алат»

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы экс-президент Сооронбай Жээнбеков канча пенсия ала тургандыгын бүгүн, 27-ноябрда, журналисттерге билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, экс-президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын аягына чейин 296 миң сом пенсия алат. “Ушул жылдын аягына чейин Каржы министрлиги экс-президент Сооронбай Жээнбековго 296 миң сом өлчөмүндө пенсия бөлөт. Биз акча гана бөлөбүз, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы анын өлчөмүн белгилейт. Кийинки жылы Жээнбеков кандай пенсия алат айта албайбыз”, – деп билдирген Каржы министрлиги.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өз арызы менен кызматтан кетип, «экс-президент» макамына ээ болгон. Мындай макам ага бир топ артыкчылыктарды берет, анын ичинде пенсия каралган. Садыр Нургожоевичтин алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» деген макамына 16-октябрда ээ болгон.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырууга аргасыз болуп, президенттин милдетин ошол учурда шайланып калган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып калган.

Роза Отунбаеванын пенсиясы канча?

Мурдагы мамлекет башчылары Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен “экс-президент” макамынан ажыратылган.

Өмүрбек Текебаев “экс-президент” макамы тууралуу: «Конституцияда бардык президенттер “экс-президент” деген наамга ээ болушат деп жазылган. Бирок алар өз ыктыяры менен кетпей, аларга импичмент жарыяланса, мөөнөтү бүткөндө өз тартиби менен кетпесе, анда аларга «экс-президент» деген наам ыйгарылбайт. Акаев менен Бакиевдин кандай кеткени баарыбызга белгилүү. Алар сыйы менен, мыйзамдуу жолу менен кетишкен жок. Ошондуктан аларга «экс-президент» деген наам берилбейт»,-деген эле.

Учурда «экс-президент” макамына Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков ээ. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда, Жогорку Кеңеш жыйынына келип аталган тармак боюнча берген маалымат арасында Роза Исаковнанын пенсиясы 80 миң сомго жакын экенин билдирген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.