ВИДЕО — Медетбеков Суваналиев менен Иманкулов тууралуу тасманын чоо-жайын айтты…

ВИДЕО — Медетбеков Суваналиев менен Иманкулов тууралуу тасманын чоо-жайын айтты…

Бүгүн, 28-ноябрда, «Өмүрбек Суваналиев менен Марат Иманкулов кызмат талашып мушташып кете жаздады” деген видеотасма социалдык тармактарга тарады. УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары генерал Артур Медетбеков «Кyrgyztoday.kg» сайтына ал окуянын чоо-жайын төмөндөгүдөй түшүндүрүп айтып бериптир:

6-октябрда, таңкы саат 04:00 чамасында мага УКМКдагы балдар телефон чалып: «“Акыбал начар, ар түрдүү саясый күчтөр УКМКны басып кирип, күч колдонуу менен Атамбаев баштаган бир нече айыпкерди чыгарып кетишти. УКМКнын курал-жарактары менен архивин сактап калышыбыз керек. Азыр УКМКнын ветерандарын да жардамга чакырып жатабыз. Келип кетсеңиз жакшы болмок” дешти. Мен дароо кийинип жетип барсам, ветерандар жана Өмүрбек Суваналиев да бар экен. Ал: “Мен бул жерде Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары олтурам. УКМКны басып алуулар башталганда Коопсуздук кеңешинин секретариатын бул жерге көчүрүп келдик. Курал-жарактар, архивди талап-тоноого, кабинеттерин басып алып талкалоого, калган айыпкерлерди чыгарып кетүүгө жол бербешибиз керек!” деди. План түзүп иштей баштадык. Суваналиев бир эле УКМК эмес, укук коргоо органдарын бүтүндөй Кыргызстан боюнча координациялап, тынбай байланышып мыйзамсыздыктарга жол бербөө аракетин көрүп жатты. Экс-депутат Данияр Тербишалиев жетектеген элдик кошуун түзүп, “Азаттык” радиосу менен “5-каналды” бейбаштардын чабуулунан коргоого жөнөттү. Ал элдик кошуун 3 күн, 3 түн тынбай керектүү объекттерди кайтарып турушту. Ошондой эле Суваналиев Кыргызстандын укук коргоо органдары менен куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен координациялык кеңешмесин өткөрүп, өлкөдөгү абалды турукташтыруу боюнча тапшырмаларды берип жатты. Бир убакытта сырттан генерал Марат Иманкулов эки аксакал, бир аял менен кирип келди да: “Мындан ары УКМКнын төрагасы мен болом, эл ушуну суранып жатышат” деди. Суваналиев: “Кана кагаз? Кана буйрук? Сени ким дайындады?” деп сураганда, Марат Иманкулов: “Мени эл суранып жатат” деди. «Сени төрага кылып дайындоо тууралуу буйрукту алып келмейинче, биз бул жерде эч кимге кызматты басып алууга жол бербейбиз. Мен биякта УКМКнын төрагасы катары эмес, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары олтурам” деди Суваналиев. Марат Иманкулов ачууланып, урушуп, кайра жанындагылары менен сыртка чыгып кетти. Андан кийин да: “УКМКнын төрагасы кызматына биздин киши олтуруш керек”  деп 5-6 топ келди. Эми мен алардын атын атабай коё турайын. Алардын баарына биз бул мыйзамсыз экенин түшүндүрүп, артка кайтарып жаттык. Бир убакта Марат Иманкулов баягы коштоочулары менен кайра келип, УКМКнын төрагасынын кызмат ордун басып алууга аракет кылды, бирок ага биз жол бербедик. Ал кайра кетти. Эртеси, үчүнчү жолу 3-4 тарапташы менен кайра кайтып келип, кайрадан УКМКнын төрагасынын креслосун талап кыла баштады. Суваналиев: “Макул, креслого олтурсаң олтур, бирок, эртең эле кызматты мыйзамсыз басып алган адам катары соттолосуң!” деди. Анан экөөсү уруша кетишти. Суваналиев: “Чыгып кет! Бар ошол сени суранып жаткан элиңе кет!” деп ачууланды. Бирок мушташа тургандай абалга жетишкен жок. Болгону ачуулуу, эмоционалдуу сүйлөшүштү. Ошол учурда Марат Иманкуловдун жанында жүргөндөрдүн бири телефонуна тартып алса керек. Эми минтип бурмалап элге чыгарып жатканы уят иш. Суваналиев кызмат талашкан эмес. Ал кызмат талашып келгендерди тыйып олтурган. Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе, Кыргызстанда эки гана бийлик органында “спецсвязь ВЧ” деген байланыш аппараты бар. Анын бири Ак үйгө, Президенттин кабинетинде орнотулган, экинчиси УКМКнын төрагасынын кабинетинде жайгашкан. Ал күндөрү Ак үйдө президенттин кабинети талкаланып, ал жердеги ВЧ аппараты иштебей калган. Ал эми УКМКнын төрагасынын кабинетиндеги ВЧ аппараты иштеп жаткандыктан, ага Кыргызстандагы абалга кабатыр болгон чет өлкөлүк бийлик органдары чалып жатышты. Ал чалууларды ошол жердеги жалгыз гана легитимдүү бийлик өкүлү Өмүрбек Суваналиев алып, сүйлөшүп жайгарып жатканы белгилүү. Менин көзүмчө Россиянын ФСБсынын төрагасы Бортников чалып сүйлөштү, кийин Казакстандын КНБсынын төрагасы Масимов, Өзбекстандын, Тажикстандын коопсуздук кызматынын жетекчилери чалып баарлашышты. Ошондуктан ал жерде да Суваналиев өз кызмат абалынан ашыра чаап пайдаланган жок.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин бийлик алмашкан. 6-октябрга караган түнү митинчилер Ак үй, УКМКны басып алышып, талкалап, бир топ саясатчыларды абактан бошотушкан. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев (кайра камалып, соту уланууда), Садыр Жапаров (президентикке талапкер), Сапар Исаков, Албек Ибраимов (экөөнүн дайыны жок), Жантөрө Сатыбалдиев (операция болуп, дарыланууда) болгон.

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырууга аргасыз болуп, президенттин милдетин ошол учурда премьер-министр болуп калган Садыр Жапаров аткарууга өткөн. Ал президенттикке ат салышуу максатында кош кызматын 14-ноябрда өткөрүп берген. Ал эми учурдагы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дарыланып ооруканада…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.