Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА: «Кыргызстан жеӊди, 58% биздики. Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем»

Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА: «Кыргызстан жеӊди, 58% биздики. Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем»

Бүгүн, 4-декабрда, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling (UWW) виртуалдык турниринде жеңишке ээ болду. Ал ыраазычылыгын  «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ал: «КЫРГЫЗСТАН ЖЕҢДИ 🇰🇬 Ар бирибиз жеңдик бүгүн! 292,896 добуштун ичинен 58% биздики! Тагыраак айтканда,

🔴: @tynybekova.aisuluu 🇰🇬(170,989 добуш),

🔴: @vineshphogat 🇮🇳 (121,907 добуш).

Кыргыз элиме ыраазычылык айтам! Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң шүгүр!», — деп жазды.

Белгилей кетсек, виртуалдык турнирдин ар багытында сегизден катышуучу болду. Аларга 292 896 адам добуш берди. Финалда Айсулуу Тыныбекова индиялык белгилүү спортчу Винеш Пхогат менен бет келип, атаандашын 58% менен утуп алды.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 20-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү аталган. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен беттешип, 5:3 эсебинде аны жеңип алган. Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан кыз болуп аты тарых барактарына жазылып калды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.