Мелис Аспеков Канат Исаевдин Токмок шаарында түзгөн тууганчылык кланын жарыялады

Мелис Аспеков Канат Исаевдин Токмок шаарында түзгөн тууганчылык кланын жарыялады
Президенттикке талапкер Канат Исаевдин Токмок шаарында түзгөн тууганчылык кланы бар экенин Мелис Аспеков жарыялады. Ал бүгүн, 4-декабрда, «Фейсбук» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
1. Токмок шаарынын мэри Канат Исаевдин жакын адамы.
2. Мэрдин биринчи орун басары Канат Исаевдин жээни.
3. Шаардык башкармалар:
а) Суу чарба башчысы Жансеитов Ш. мэрдин жээни
б) КППнын башчысы Жакупбеков Э. Суу чарба башчысынын тайкеси
в) Жылуулук тармак ишканасынын башчысы Идрисов З. Исаевдин кудасы
4. Шаардык оорукананын башчысы Исаевдин бир тууган эжеси Б.Исаева
5. Мамкызмат (ГРС) башчысы Бакыт Жетигеновдун тууганы, Жетигенов болсо Исаевдин жакын досу.
6. Азыркы шайлоо боюнча Исаевдин Токмок шаарынын координатору мэрдин досу Жаманбаев Мырза ГКПН орун басары Исаевдин ишенимдүү адамы. Башка майдаларды, майдаланбай жазбай эле коеюн. . .
Мындай маалымат боюнча Канат Исаев пикирин билдирээр. Кайрылып, жообун беребиз.
Канат Исаев канча кол топтогон?
Президенттикке талапкер 20 адамдын бири — Канат Исаев. Ал 38 987 кол топтолгон кагазын БШКга өткөргөн. Калган талапкерлер канча кол топтогонун билгиӊиз келсе, ал төмөндө:
1. Клара Сооронкулова – 33 458;
2. Аймен Касенов — 46 270;
3. Бабыржан Толбаев — 59029;
4. Адахан Мадумаров — 39 856 ;
5. Садыр Жапаров — 59 998;
6. Равшан Жээнбеков — 39 874 ;
7. Рашид Тагаев – 40 651;
8. Элдар Абакиров – 43 630;
9. Жеңишбек Байгуттиев – 51 896;
10. Арстанбек Абдылдаев – 47 998;
11. Курсан Асанов – 43 864;
12. Бактыбек Калмаматов – 35 300;
13. Мыктыбек Арстанбек – 33083;
14. Абдил Сегизбаев – 55 480;
15. Улукбек Кочкоров – 43 804;
16. Кубан Чороев – 39 053;
17. Кубанычбек Токтосунов – 30 106;
18. Канат Исаев – 38 987;
19. Каныбек Иманалиев – 35 658;
20. Имамидин Ташов – 35 493.
Ал эми 21-болуп катталган Саматбек Ибраев президенттик жарыштан четтетилди. Себеби, анын чогулткан кол тамгасы белгиленген чекке (30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек) жетпей, аз  (15 033) болуп калган. Ошондой эле ал 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн да төккөн эмес.
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт, үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга чейин жүргүзүлөт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.