Маек — Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берип, суракка чакырылды…

Маек — Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берип, суракка чакырылды…

Мурдагы вице-премьер-министр, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын (Финпол) Басма сөз кызматы бүгүн, 7-декабрда, билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Тайырбек Сарпашевдин жакын туугандарынын каттоосунда турган Токтогул районунун Торкен айылындагы 500 гектар жайыт жер жана Токтогул районунундагы 30 гектар сугат жер мамлекеттин балансына өттү.

Ошондой эле Финпол Сарпашевдин мыйзамсыз алынган жер Торкен айылынын муктаж үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүү ишин көзөмөлгө алганын билдирди. Анын мүлкүнүн калган бөлүгү учурда текшерилип жатат. Ал 9-декабрга суракка чакырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Финпол Тайырбек Сарпашевге «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун, сотко чейинки өндүрүш алкагында ал суракка чакырыларын 27-ноябрда билдирген. Тергөө версиясы боюнча, ал жогорку кызматтарда турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөткөн эмес.

Тайырбек САРПАШЕВ: «Менин Токтогулда гана жерим бар, шаарда жерим жок»

Эске сала кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Максим Бакиевдин Скрябин 45 көчөсүндөгү жер тилкеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал боюнча комиссия түзүлүп, Тайырбек Дүйшекеевич Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан убактылуу өз каалоосу менен кеткен. Ошол учурда ага бир топ суроолор менен кайрылып маек курганбыз. Андагы маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.