Маек — Акбар СЕЙТАЛИЕВА (Ысмайылдын кызы): “Айтматов мени Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанытты” дечү…»

Маек — Акбар СЕЙТАЛИЕВА (Ысмайылдын кызы): “Айтматов мени Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанытты” дечү…»

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бүгүн жарык дүйнөгө келген күнү. Көзү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак экен. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. Бүгүнкү адабият күнүнө карата, ылакапка айланган Ыймайылдын кызы Акбар Сейталиева менен болгон маекти сунуштайбыз. 

Архивден…

— Акбар айым, угушубузга караганда, атаңыз Чыңгыз атага нааразы эмес, ыраазы болгон турбайбы. Эмнеге?

—Ооба, чын. “Мени Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанытты” дечү. Элден укканым боюнча, атам Чыңгыз агага жолугуп, колун кармаган экен. Залкар жазуучубуз 50 жылдыгы белгиленип айылга келгенинде, атам учурашайын деп алдын тосуп чыгат. Жанына жолотпой милициялар алтын тосот. Анан Чыңгыз ага: «Кое бергиле, бул менин — Ысмайылым» десе, милициялар да, журналисттер да таңгалып карашып, «тирүү турбайбы» деп сүрөткө аябай тартышыптыр. Ошондо да “мени аябай сүрөткө тартышты” деп сүйүнүп келген. Чыңгыз ага атам менен амандашкандан кийин, «Эмне керек болуп калды?» десе, «Сен мени ууру кылып дүйнөгө тааныттың. Ошондон уламбы, айтор, мени пенсияга чыгарбай жатышат. Пенсияга чыгарып кетчи» деп суранган экен. Чыңгыз аба убадасына туруп, тиешелүү жерге айтып кеткен экен, алар аганын сөзүн эки кылбай, аткарышыптыр.

—“Бетме беттеги” тасмадан атаңарды көргөндө арданган жок белеңер?

—Жок. Кайра кинодогу нерселерден сурап калчубуз. Атамдан бир жолу жашынган үңкүрү жөнүндө сурасак, айтып бергени эсимде. Чыңгыз аганын «Бетме-бет» чыгармасы боюнча киного тартыларда кинорежиссер, сьемка тобу атамды атайы издеп айылга келишиптир. Жашынган үңкүрүн сурашкан экен, атам ошол жерге алып барып көрсөтүп бериптир. «Мен жашынып жүргөндө үч эшиги бар эле. Бирөө бет маңдайымда, экөө эки капталында. Кадимки эле үйдөй болчу. Эки капталы бүтөлүп калган турбайбы» деп элди күлдүрүптүр.

—Эмнеге уурулук кылганын сурады белеңер?

—Атамдын кылык-жоругун элден көп угам. Атам көп жыл камакта болду. Мен бир балалуу болгондо келди. Ошондуктан, эч нерсесин сурап деле калбаптырмын. «Өз оозунан угуп жазып калсам болмок экен» деп өкүнүп калам. Ошентсе да, теңтуштарына айтып калгандарынан кулагым чалып калгандары эске түшө калат. «Мен өз кызыкчылыгын көздөгөн ууру эмес, элди баккан ууру болгом. Ачарчылыкта баласынын этин жеген кишилерди кезиктиргем. Бир тууган эжемдин кунажынын союп, аларга алып барып берген күндөрүм болгон…» дегени, «Кинодо бир аз бурмаланып, туура эмес тартылган» деп айтканы эсимде…

Назира СААЛИЕВА,

«Пресс.kg», 2009-жыл

Чыӊгыз Айтматовдун Жамийла жеӊеси менен жолукканын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.  

«Делбирим» аттуу повестиндеги башкы каармандар: Асел менен Ильястын кинодогуга окшошпогон чыныгы турмушун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.