Окуучуларын сабаган үч диний мектеп жабылды

Окуучуларын сабаган үч диний мектеп жабылды

Ташкентте көмүскө иштеген үч диний мектеп жабылды. Бул тууралуу «Yoshlar» телеканалы билдирди. Алардын маалыматына караганда, көмүскөдө иштеген үч диний мектептин биринде жашы жете элек 17, экинчисинде 11, үчүнчүсүндө төрт бала билим алып келген. Аталган жайларда окуучуларын сабаганы ачыкталып, таяк, бычак, пневматикалык куралдар жана мектеп ээлеринин телефондорунан жихадга чакырган аудио, видеотасмалар табылган. Алар диний-экстремисттик агымдар жана террордук уюмдардын жетекчилери менен байланышта болгон деп шектелүүдө. Ошондон улам, бул диний мектептердин ишмердүүлүгү токтотулуп, учурда аны ачкан адамдарды жоопко тартуу маселеси каралууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.