ТАШИЕВ: «Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүттү»

ТАШИЕВ: «Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүттү»

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Бишкекте ММКга жыйын өткөрүп, маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Журналисттердин көпчүлүгү Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу суроо беришти.

Ал боюнча Камчыбек Ташиев: «Райым Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүттү. 1 миллиард 400 миллион сому акча менен, калганы бир соода борбору, 9 батир менен төлөндү. Соода борбору мамлекетке өткөрүлүп, 8 батир атайын кызматтын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө же башка социалдык мекемеге берилмей болду. Матраимовдун айыбы боюнча маанилүү далилдер табылды, ага козголгон иш жакынкы арада сотко жөнөтүлөт. Анын чет өлкөлөрдөгү мүлкү да текшерилет. Матраимов боюнча териштирүү аяктай элек. Эми анын тышкы аткезчилик байланыштары иликтенет. Анын башка өлкөлөрдөгү – Дубайдагы, Америкадагы, Европадагы, Азия өлкөлөрүндөгү мүлкү текшерилет. Эгер тиешеси бар болсо, мыйзамдуу чара көрүлөт«,-деди.

Эске сала кетсек, Бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Бирок ошол эле күнү Матраимовду сот, тергөө менен кызматташууга барды деген жүйө менен эч жакка кетпөө тилкатын алып бошоткон. Матраимовду «дүнгүрөтүп» (фото-видео далилдерин жарыялап) кармаган УКМК да ал тергөө менен кызматташууга, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун  билдирген. Матраимов өзү УКМК айыптоосу боюнча комментарий берген эмес, бирок ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

21-декабрда Финансы министрлиги Райымбек Матраимов 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төккөнүн билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.