Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат. Бул саясий чечим»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат. Бул саясий чечим»

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланыштуу ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Тагырагы, Темирлан Ормуковдун доо-арызын канааттандырды.

«Сот чечим чыгарды, бүттү. Бүгүндөн баштап Текебаев депутат эмес» деген Темирлан Ормуковдун кабары социалдык тармактарга тарады.

Белгилей кетсек, буга чейин, 23-ноябрда Бишкектин административдик соту Т.Ормуковдун арызынын негизинде, «Конституциялык мыйзам бузулган» деген жүйө менен БШКнын Текебаевге кайтарып берген макамын жараксыз деп тапкан.

Соттун мындай чечими боюнча Өмүрбек Текебаев: «Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат», — дейт.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун партия лидерине бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.