ВИДЕО — Текебаев айткан «троллдор». Ташиевдин Текебаевге берген вискиси…

ВИДЕО — Текебаев айткан «троллдор». Ташиевдин Текебаевге берген вискиси…

«Троллдор» тууралуу пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ, 28-декабрда, Бишкекте парламентаризмди колдоо кыймылын түзүү боюнча иш-чарада билдирди.

«Бүгүн мамлекеттик телеканал кимдин колунда болсо, ошол адам үстөмдүк кылууда. Кимдин акчасы, «троллдору» көп болсо, ошол коомдук пикирди манипуляция кылып, элдин пикирин өзгөртүп жатат», — деди Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаев туулган күнү кайсы жерде, кандай өткөн?

Өмүрбек Текебаев 22-декабрда 62 жашка чыкты. Туулган күнү боюнча дагы ушактар социалдык тармактарга тараган. Ал тууралуу журналист Динар Турдугулова суроо салып, жооп алган. 

Өмүрбек Чиркешович, дагы бир жолу өткөн туулган күнүңүз менен куттуктайм. Ошол күнү “Компромат” сайты “Текебаев Бишкектеги эң кымбат ресторанда туулган күнүн белгилеп жатат” деп, сиз ал ресторанга кире электе эле пост жазып, оперативдүү маалымат таратышты. Маңызы “эл кыйналып жатса, Текебаев шапар тээп чардап жатат, мынча акчаны кайдан алды?” деген мааниде жазып, окурмандарга Сиздин ресторан толо конок чакырып, карантиндин эрежесин бузуп жатканыңыздай таасир жаратышты. Чын эле, иш жүзүндө кандай болду?
— Биздин үй-бүлө жупуну жашаганга көнгөн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн туулган күндөрүн дайыма үй шартында эле жөнөкөй, жупуну белгилеп жүрөбүз. Эч убакта мен юблилей белгилеп, көп эл чакырган учурум болгон эмес. 55 жашка чыкканда гана фракция мүчөлөрү менен, анан 60ка чыкканда Болот Шердин демилгеси менен юбилейим белгиленген. Анда өзүм түрмөдө болгонума байланыштуу, катышкан эмесмин. Ошондо Болот Шерге айткам, “Боке, бирөөнүн юбилейин өткөрөм деп кантип кайрыласың, эл эмне дейт?” десем, раматылык Болот “бул сенин жеке маселең эмес, бул партиянын иши” деп, бүт региондо жана Бишкекте коомдук иш-чара катары белгилеген. Өмүрүмдө ушул эки учурда туулган күнүм көп адамдын катышуусунда белгиленген.
Ал эми кечээ биринчи жолу чыгып, үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен ресторанга барып, туулган күнүмдү белгиледик. Анын себеби, кызым Айданек, студент уулдарым Амантур, Эсентур пандемия учурунда дистанциялык шартта окуп, бош болгон маалда иштеп акча таап калышты. Биринчи жолу алар өздөрү иштеп тапкан акчага “атабыздын туулган күнун белгилеп берели” деп ресторанга чакырышты. Акча чогултуп мага чоң белек да даярдашкан экен. Apple акылдуу саатын беришти. Ал саат адамдын ден соолугун көзөмөлгө алып, эскертип турат. Бул саат балдарымдын “атабыздын ден соолугу чың болсун” деп ниет кылып беришкен чоң белеги болду.
Ошентип, бул күн мен үчүн эң кубанычтуу, сыймыктуу күн болду. Бул туулган күнүм өзгөчө болду. Балдарымдын мага кам көрүп, мени колдойлу деген ниеттери, көңүлүмдү көтөрүшкөнү мени абдан толкундантты.
Эске сала кетсек, Мындан эки жыл мурун, 2018-жылы Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыккан. Тилекке каршы, туулган күнү абакта өткөн. Партиялаштары Бишкектеги «Дасмияда» өткөрүп, анда тажрыйбалуу журналист Байма Сутенова даярдаган даректүү тасмасы (Өмүрбек Текебаевдин баскан жолу) көрсөтүлгөн. Белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер катышып, мыктылыгын баса белгилешкен эле…
Камчыбек Ташиевдин белеги…

Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине бийлик алмашкандан кийин учурда УКМКны жетектеп калган Камчыбек Ташиев да катышып, каалоо-тилектерин айтып, ооруканага чейин барганын баарыбыз эле көргөнбүз. Бирок, ага чейин виски белек кылганын билбеппиз. Аны Айгүл Текебаева аргасыздан айтып берген эле. Аны айтуунун деле кажети жок болчу, тилекке каршы, сот айттырууга аргасыз кылган. Тагырагы, сот Текебаевге эч бир далилдүү нерсе таппагандыктан, ушул белекти ойлоп табышкан. Бийликтин буйругун аткарган соттордун кылыгына айла жок күлөсүӊ да…
Камчыбек Ташиевдин белеги тууралуу тасманы бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүӊүз.
 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.