Депутат Кубанычбек Жумалиев «Коррупция» беренеси менен камалды

Депутат Кубанычбек Жумалиев «Коррупция» беренеси менен камалды

Бүгүн, 4-февралда, Биринчи май райондук сотунда ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасы каралып, «Коррупция» беренеси менен айыпталып, 4-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензия берүүдө Кубанычбек Жумалиев менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Ошондой эле Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдаганы, салык төлөөдөн баш тартып мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталып, 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектиси да табылган. Жумалиевдин туугандарына, ага жакын байланышы бар адамдарга өтүп кеткен объектилер катары «Таатан», «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кендер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталыптыр.

Эске сала кетсек, былтыр 4-ноябрда Финансы полициясы «Таатан», «Гоин» соода борборлорун жана Жумалиевге таандык делген менчик жогорку окуу жайын тинтүүгө алган болчу. Бирок, ал эч бир кыӊыр ишке катыштыгым жок деп, ал-бул дооматтарды четке кагып келаткан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.