ВИДЕО — «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт». «Сузак биримдиги» башкаларга үлгү болду…

ВИДЕО — «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт». «Сузак биримдиги» башкаларга үлгү болду…

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 4-февралда, мекенчил инсан, Чубак Калымбетов жетектеген «Сузак биримдиги» коомдук биримдиги «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» деген аталышта 2020-жыл ичинде каза болгон ардактуу 34 инсаныбызга багыштап, «Айкөл Ордо» ресторанына куран окутушту. Куран окутууга маркумдардын жакын туугандары жана тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков катышты.

Уюштуруучулардын бири белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабиров: «Сузак биримдиги»,  парзыбызды аткарып коелу деген тилек менен, өтүп кеткен залкар адамдардын жакындарын чакырып куран окутуп жатабыз. «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» эмеспи. Былтыр оор жыл болду. Кыргызстанды куураган илдет каптап, канчалаган адамдын өмүрүн алып өксүтүп кетти. Алардын арасында өтүп кеткен залкар адамдардын жаркын элесин экрандан көрө аласыздар«, — деди.

Назира ААЛЫ кызы: «Жоготуу жарабыз алигүнчө бүтөлө элек…»

Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев экрандан белгилүү инсандардын сүрөттөрүн көрүп, ичтери ачышканын айтып, маркумдар эмгеги менен эсте калаарын баса белгилеп, мындан ары жакшылык болсун деген изги тилектерин айтышты.

Ошол жердеги жакын адамынан, асыл адамынан ажыраган көпчүлүгүбүздөй жоктоо дартынан айыга албай, аска-зоо атасын жоктоп, кайра-кайра дарыланып жүргөн, «Бүгүн жалаӊ армандуулар чогулган турбайбызбы» деп оор үшкүрүнгөн белгилүү журналист, кесиптешим Назира Аалы кызы — белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Аалы Молдокуновдун кызы. Ал сөз сүйлөөгө чакырылып, буларды айтты: «Былтыр абдан оор жыл болду, жаман илдет канча деген адамдын өмүрүн алып кетип жакындарын өксүктө калтырды. Жоготуу жарабыз алигүнчө бүтөлө элек. Тирүүлүктүн парзы куран окутуу экен. Ошол парзды аткарып, жаралуу жүрөккө жылуу сезим тартуулаган «Сузак биримдиги» коомдук биримдигине ыраазычылык билдиребиз. Мындай кадамыӊыздар менен башкаларга үлгү болдуӊуздар«, — деп «Сузак биримдигинин» жалпы жамаатына ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик каалады.

Эрнис АСЕК уулу: «Жакшы көрөмүн го?!»  (Күндөлүгүнөн)

Деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн: “Көздүн кулу болбогула!” деген.

Байдылда САРНОГОЕВ: «Уруум да кыргыз деп, улутум да кыргыз деп, жүрөлүчү бөлүнбөй»

«Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык» деп жогоруда жолдошумдун бир кезде айтканы ак сөз. Тирүүчүлүктө бири-бирибизге жакшы сөз арнаганды билбей, капысынан өтүп кеткенден кийин жер чапчып калат экенбиз. Дегеним, касиети бар байым мага дагы бир жакшы рубрика таштап кетиптир. Ошол аткарылбай калган аманатын, максатын ишке ашыруу — менин парызым, карызым. Андыктан «Жакшы көрөмүн го» аттуу рубрикасын бүгүнтөн баштайын. 34 инсанга куран окуткан «Сузак биримдиги» коомдук бирикмесинин эмгек жамаатына, төрагасы Чубак Калымбетовго, иш-чараны уюштуруучулардын бири белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабировго, белгилүү ырчы Айчүрөк Султановага ыраазычылык билдирем. Жогоруда кесиптешим, адашым Назира Аалы кызы айткандай, парзды аткаруу жагынан да, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү жокко чыгаруу жагынан да үлгү болдуӊар. Муну айтып жатканымдын себеби, бүгүн, ошол жерден бир жигит (эми атын айтпай эле коеюн), силер мактап жүргөн, «Фейсбукта» популярдуу бир инибиз, өзүн тойго келгендей сезгенби, жер тандабай, өткөн жыл ичинде көзү өткөн жалпы эл уул-кыздарынын арбагына багышталып куран окулганын элес албады же эсинен чыгардыбы, айтор, «эмне, жезде сузактык беле?» деп бир жылмайып, аз өтпөй: «Эмне маанайыӊыз жок?» дейт дагы жылмайып…  Албетте, жылмайышыӊдан жазба, бирок көӊүл кирдеткен орунсуз сөздөрүӊ… аман бол, иничек…

Анткен менен, «Сузак биримдиги» ушундай болумуш жигиттерге бөлүнбөй жүрүүнү көрсөтүп, аларга үлгү болуп жаткандарына ыраазы болдум…

Ар бир кылган жакшылык ишиӊерге Алла таалам берекесин берсин… окулган курандар кабыл болсун, оомийин…

Ал эми бир аз өйдөдө сөз кылган инимдей инилериме жогорудагы жолдошум Эрнис Асек уулу жазган “Ай сонатасы” – “Ай мээриминин” түпкүрүн түшүн деп, Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев атабыздын ырын эсине салып, сөзүмдү аяктагым келди:

«Түндүкмүн деп элирбей,

Түштүкмүн деп көбүрбөй.

Ортосунан оң-солдун,

Мен чыктым деп сөгүнбөй.

Уруум да КЫРГЫЗ деп,

Улутум да КЫРГЫЗ деп,

Жүрөлүчү бөлүнбөй»… 

Назира СААЛИЕВА

 

One thought on “ВИДЕО — «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт». «Сузак биримдиги» башкаларга үлгү болду…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.