Акылбек МАМАСЕЙИТОВ: “Ар бир кызматкерге жакшы шарт түзүп берүү – биздин милдет»

Акылбек МАМАСЕЙИТОВ: “Ар бир кызматкерге жакшы шарт түзүп берүү  – биздин милдет»

Баткен ОИИБ начальниги полковник Акылбек Мамасейитов аталган аймактагы милиция кызматкерлеринин ал-жайынан кабар алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 9-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, А.Мамасейитов ИИМдин Ички аскерлерине курулуп жаткан имараттардын курулушу менен таанышып чыкты. Айрыкча чек аралаш аймактарда коомдук тартипти сактоо, катталган кылмыштардын бетин ачуу иш-аракеттерине, ошондой пандемия маалында эл арасында милициянын көчмө кабылдамасы менен түшүндүрүү иштерин алгылыктуу жүргүзүшүнө көңүл бурду. Бул аймактарда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин эл коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алууда аткарып жаткан иштери канааттандырарлык. Айрым жерлердеги милиция бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине кошумча тапшырмаларды берген Акылбек Мамасейитов: “Ар бир кызматкер ак ниет жана үлгүлүү кызмат өтөөгө милдеттүү, ал эми силерге жакшы шарт түзүп берүү – бул биздин милдет”, — деп билдирген.

Эми, буйруса, тартип сакчыларына убада кылынган жакшы шарттардын ишке ашышы алыс эместей. Аны менен аймактардагы милиция кызматкерлеринин ишмердиги да сандык эле эмес, сапаттык да жактан жакшырары айтпаса да белгилүү…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.