Генерал Өмүрбек Суваналиев кызматка барды

Генерал Өмүрбек Суваналиев кызматка барды

Бүгүн, 15-февралда, премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов кызматынан алынып, анын ордуна генерал Өмүрбек Суваналиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат каражаттарына билдирди.

Ой, ким бул ой?

Милициянын отставкадагы генерал-майорунун өмүр таржымалын учкай тааныштыра кетсек, 60 жашта, Талас облусунун Талас шаарында 1960-жылы 31-июлда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Жогорку билимдүү. Кесиби — юрист. Ал ИИМдин Карагандадагы жогорку мектебин юрист адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун Талас облустук милициясында ага кызматкер ишинен баштаган. Кийин Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаардык милициясынын жетекчисинин орун басары, анан жетекчиси, Жогорку Кеңеш депутаты, Бишкек ШИИБ жетекчиси, ИИМ жетекчисинин орун басары, Нарын облусунун губернатору болгон. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин  дакойгон. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматынан андагы ажо Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кеткен эле.

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.