Атырды жакшы көргөн атбашылык агроном ата Кубанычбек Ибраев 

Атырды жакшы көргөн атбашылык агроном ата Кубанычбек Ибраев 

Жакшы көрөмүн го…

Жолдошум Эрнис АСЕК уулу ушул сайтты негиздеп, «Алакан» деп атап, логотибин жасап, алдына «Беш кол теӊ эмес» деп жазып,  бир топ рубрика ачып берген эле. Анын арасында «Жакшы көрөмүн го» рубрикасы да бар.

Ушул жакшы рубрикабызга журналист Жазгүл Ибраева атасына майрам күнү ыраазычылык билдирип, ата-энеси менен байланыштуу таттуу балалыгын, Ат-Башыны аралап өскөн атасынын мээримин, жумшактыгын, камкордугун айтып керемет баянын, Атага арналган сонун одасын жибериптир. Ат-Башы кулагыма жакшы угулуп, менин да жүрөгүмө жакын. Себеби, жолдошумдун кичи мекени Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылы эле… 

Назира СААЛИЕВА

Жубайына жакшы жар, балдарына камкор ата…

Мен агрономдун кызымын. Бактылуу балалык кезим алыскы Ат-Башынын тоо түбүндөгү Өзгөрүш айылында өттү. Тоо боорунан эки чоң карагай үйгө даана көрүнүп тураар эле. Атамдын балалык жылдарын ошол эки карагай менен байланыштырам. Тоодон мал издегени, бада кайтарганы, карагат тергени, отун алганы кеткенде, атамдын үйгө кайтаар жолун ошол эки карагайдан карачубуз…

Атам өз ишин мыкты билген агроном.

1943-жылдын кычыраган кышы. Нарындын Ат-Башы району… Ат-Башы районунун Аткаруу комитетинин башчысынын үйүндө үчүнчү уул төрөлдү. Улуу Ата мекендик согуш мезгили, айылда жакшы жаңылык, кубанычтуу кабар күткөн эл. Жакшы ниет менен Жыргалбаев Ыбырай уулуна Кубанычбек деген ысым ыйгарып, согуштун жеңиш менен аякташына тилек кылат. Эки жылдан соң Советтер Союзуна жеңиш деген кубанычтуу кабар келет.

Ошол ымыркай — бул менин атам 

Ошол кезде райондо Жыргалбаев деген ысым аттын кашкасындай белгилүү болуп, чынын айтканда уулдары эрке болуп өсүптүр. Согуш аяктап, элдин турмушу жакшыра баштаган кезде балдар кийбеген жакалуу тонду, ичик кийгизип, ат күлүгүн тандап мингизип, топоз этин жегизип бакканын атам азыр эскерип калат. Демек, балалык чагы кыйынчылыксыз өткөн экен деп калам. Атам 6 бир тууган, 5 эркек, 1 кыз. Апасы — чоң апам тууралуу көп айтып калат: «Жетим жүрүп жетилген, ата-энеси, бир туугандары белгисиз, атасы Кытайга качып баратып таштап кеткен экен»,- деп. Ошондуктан, атамда тай журту белгисиз.

Атамдын балалык кези Ат-Башынын бийик тоолорунда, Аксай, Арпа, Сары-Тал, Көк-Күмбөз, Босого жайлоолорунда өтүптүр. Ташкыянын муздак суусун кечип жүрүп, ден соолугуна бир топ эле кедергисин тийгизген экен. Райондогу таанымал жетекчинин баласы катары жаштыгын жакшы эле пайдаланып, үй-бүлө курганда гана токтолуп, өз алдынча оокат кыла баштаган тура. Топоз бакты, бригадир, агроном болду. Атам азыр топоз баккан күндөрүн көп эскерет. Жаштыгынын издери Нарын-Өзгөрүш жолунда жөө да, атчан да калганын айтып, сагынып калат. Өзүнөн кийинки эки инисин шаарга бөлүп, ата конушту байырлап, чоң үй, чоң жайды башкарып калат.

20 жашында черик уруусуна күйөө бала болот. Эсимде, биз бала кезде үйдө казан-аяк кагышып кеткенде, апамды “черик” деп калчу. Анткен менен апама болгон сүйүүсү чексиз. Апамдын мугалимдик ишине да көп жардамы тийди. Апамды мектептен алагды болбосун деп, үйдө бизге тамак даярдап, жуунтуп, кир жууп, отун жагып, үйдү укмуш жыйнап коер эле. Ал кезде союздун катуу тарбиясынан апам атамдан дагы мектеп директорунан катуу коркуп турар эле. Ошол үчүн атам апамдын колуна кол болуп, көп эркек жасабаган үй ишин жасачу. Анысы азыр деле бар. Кызыгы – атам өмүр бою үтүктү өзү иштетип келатат, апамдын атамдын кийимин үтүктөп бергенин чанда эле көрчүбүз. Апамдын, биздин бут кийимдерди тазалап, майлап, жылуу жерге тизип койчу.

«Ата сыйлаган абийир табат» дегендей, азыр атам уулунун сыйында. 6 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрдү. Небере, чөбөрө көрдү. Ар бир кызы турмушка узаган сайын көз жашын агызып, кийин келсек деле ыйлай берчү. Апам бир аз катуураак. Атамдын өтө эле жумшак, ыйлаак мүнөзү кудаларына да күлкү болуп бүткөн. Күйөө балдары атамдын ыйлаганын туурап, күлкүгө айлантып алышкан. Күйөө балдары азыр өздөрү кайната болуп калса да, атамдын жанында кечээ келген жаңы күйөө баладай. Анын ичинен бирөө гана теңтушундай…

Атам күнүгө эртең менен туруп, ар бир кызына бирден чалып чыгат, айылдагысынан аба ырайын сурайт, шаардагысынан жумушун сурайт. Атам пенсия алган күнү түз эле биздин үйгө жөнөйт. Ар бир баскан изин, кайсы автобуска түшкөнүн, кимге жолукканын, мен эмне менен чай бергенимди, маршруткада эл көп экенин, балдарыма эмне алып келгенин, айтор, канча чыны чай ичкенинен бери кечинде апама “отчет” берет. Ансыз жүрөгү тынчыбайт.

Атам атырды жакшы көрөт, жанында дайыма атыр жүрөт. Канча акча тапсам да, атама кымбат атыр белек кыла албай жүрөм, сааты чыкпай эле. Азыр атам сыркоолоп турат, амандыгын тилейм. Көзү ачыктык, көрөгөчтүк жагы да бар. Жакында эле: “Мен кыйналсам да, тиги дүйнөгө бул оору менен кетпейм, атамдын жашына жетет окшойм, сезип турам” деп санаамды тынчытты. Себеби, чоӊ атам 100 жашка жеткен. Кудай ошол жашка жеткирсин деп күндө тилек кылам.

Мен атамдын билимин, дүйнө таанымын, жоопкерчилигин, тактыгын, аз сүйлөгөнүн баалайм. Мээримин, жумшактыгын жакшы көрөм. Атамдын апама болгон сүйүүсун, балдарына болгон камкордугун жакшы көрөм. Өзүмдүн жолдошумдан да ошондой сапаттарды издейм.

Атамдын чачымдан сылап, чекемден өөп: “Алдыңа кетейин, кара кызым” дегенин жакшы көрөм. Атамдын алдына башымды жөлөп жатсам күч, энергия алам.

Ата, бүгүнкү майрамыңыз менен! Мен сизди жакшы көрөм!

Кара кызыӊыз Жазгүл ИБРАЕВА

Эрнис АСЕК уулу: «Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык» 

«Жакшы көрөмүн го» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн: “Көздүн кулу болбогула!” деген.

Эрнис АСЕК уулу, 2019-жыл

Эрнис АСЕК уулу: «Тирүүлүктүн өзү чоӊ майрам»

Жогоруда жолдошум Эрнис Асек уулу айткандай, «Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык». «Жакшы көрөмүн го» деп байымдын таштап кеткен рубрикасы: «Көзүӊдүн тирүүӊдө асыл адамдарга жакшы сөз айтып кал, ал адамдын тирүүсүндө жакшы сөз арнап кал!» деп мага кандайдыр аманат калтыргандай, белги бергендей кабыл алып, бул рубриканын башын маркумдарга куран окуткан адамдарга ыраазычылык билдирип жаздым эле. Кийинкисин кайын сиӊдим, кесиптешим Жазгүл Ибраева атасы тууралуу жазып отурат. Андыктан эртеӊ кеч болуп кала электе, жакшы көргөн адамыӊыздарга жакшы сөз арнап, ыраазычылык жазыӊыздар.

«Тирүүлүктүн өзү чоӊ майрам» деп байым айткандай, тирүү жүргөндүн өзү чоӊ майрам. Жакшы көргөн адамыӊызга болгон ыраазычылыӊызды бир күндүк майрамга же бир датага байлабай, күндө жазып, сапаттуу сүрөттөрү менен saalnaz@list.ru электрондук почтабызга жөнөтүӊүздөр!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.