УКМК: «Ташиев Тажикстан менен чек ара маселесин тактоого Кожентке барат»

УКМК: «Ташиев Тажикстан менен чек ара маселесин тактоого Кожентке барат»

15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согд облусундагы Кожент шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кыргыз тараптын делегациясына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылат. Ал эми тажик тараптан бул өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов катышат.

Бул — эки мамлекеттин атайын кызматынын жетекчилери катышкан чек ара боюнча алгачкы жолугушуу. Бир ай мурда Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар чыккан.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%) такталган, кийинки маалыматтар боюнча андан бери дагы 10 пайызга жакыны такталганы айтылууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.