Садыр ЖАПАРОВ: «»Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес»

Садыр ЖАПАРОВ: «»Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес»

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда билдирди. Ал Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапарында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек ара маселесин 3 айдын ичинде толук чечип бүтүү тууралуу сүйлөшүлгөнүн айтты. Анын сөзүнө караганда, Өзбекстан менен чек ара маселесинде олуттуу талаш-тартыш деле калган жок. 24-25-март күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып, тиешелүү документтерге кол коюп келет.

Садыр Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан Өзбекстандын Сох анклавына байланыштуу суроого да жооп берди.«Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар «Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен» деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул туура эмес, калп маалымат. Ал эми Унгар-Тоо (ред: Үңкүр-Тоо) боюнча Шавкат Мирзиёев «Биз талашпайбыз (претендовать этпейбиз), силерге таандык боло берсин» деди», — деп билдирди президентибиз.

Буга чейин Байтерек эмне деди эле?

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча орусча маалымат таратып, анда расмий Бишкек Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала тургандыгы айтылган эле. Басма сөз катчысы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу болуп келген Үңкүр-Тоону аймагын берүүгө даяр экенин белгилеген болчу.

Социалдык тармактарда бул маалымат кызуу талкууга жем таштаган эле…

Бирок бир нече сааттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча таратылган маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, тексти өзгөртүлгөн абалда кайра жарыяланган эле. Анда кыргыз тарап Өзбекстандын Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экендиги гана кабарланган. Ага чейин орус тилинде таратылган маалыматта транспорт жолу да ачылары белгиленген эле да…

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймак аларга караштуу деп билдирип, сес көрсөткөндөй иш-аракеттерге барышкан болчу…

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен 11-12-мартта барып келген…

Анткен менен эскини эске салып коёлу…

Союз таркаганына 30 жыл болсо да, кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырым болсо, анын 1 058и аныкталып, 58 жер тилкесинде  324 чакырымдык чек ара талаш бойдон калып келаткан. Анын бири катары каралып жаткан, Үңкүр-Тоо жайгашкан аймак боюнча ал жерге (а негизи ал жер биздики эле болушу керек!) 2016-жылы август айында өзбек милициясы кирип келгени, 22-августта такталбаган чек арага Өзбекстандын тик учагы конуп, 24-августта Үңкүр-Тоодогу телемунаранын 4 кызматкерин кармап алып кетишкени, ага чейин март айында Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймакка Өзбекстан оор техникаларын коюп сүр көрсөткөнү да эсибизде. Ал кездеги биздин президент Алмазбек Атамбаев 23-24-июнда Ташкентке Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына барганда, Өзбекстандын ал кездеги президенти Ислам Каримов менен жолугуп, келгенден кийин журналисттерге: “Биз башка өлкөлөр менен тең ата болушубуз керек. Мындан ары сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө, ошол эле чек ара маселесин чечүү оңоюраак болот. Тең ата сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бирок бул абдан оор маселе. Мен баарын чечип кетем деп айта албайм. Айтаарым, мындан ары чек ара маселеси бир тараптуу чечилбейт. Кыргызстан өзүнүн жерин мурдагыдай белек кылып бере бербейт”, — деген эле…

Айтмакчы, 2016-жылы март айында ал кездеги Кыргыз өкмөтүнөн Кербен шаардык кеңешинин депутаттарынын кароосуна “Өзбекстандын аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияларды башка жакка көчүрүү тууралуу” протокол барып, ал тууралуу коомчулукка белгилүү болуп, катуу талкуу жаралган эле. Бирок Кыргыз өкмөтү Үңкүр-Тоо боюнча ал протоколду жокко чыгарып, Өкмөттүн маалымат кызматы болсо, социалдык түйүндөрдө пайда болгон “Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында” деген “Кыргыз өкмөтүнүн протоколун” чагым деп атап, “Мындай жалган маалымат таратуу – айрым бир адамдардын өзүнө саясий упай топтоо аракети. Өкмөт башчы да, башка эч бир расмий адамдар да мындай протоколго кол койгон эмес” деп чыгышкан болчу…

Бирок ошол кезде Кербен шаар кеңешинин кароосуна биздин Өкмөттөн“Өзбекстандын аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияларды башка жакка көчүрүү тууралуу” протокол келгенин шаар кеңешинин төрагасы Каныбек Үрүстемов “Азаттыкка” тастыктап чыккан болчу.  Анын тастыктоосу боюнча, Кербен шаар кеңеши 2016-жылы 22-мартта чукул жыйынга жыйылып, Үңкүр-Тоодо жайгашкан радио-релейлик станцияны көчүрүү боюнча кошумча жер бөлүп берүү маселесин карашкан. Бирок шаар депутаттары эстүүлүк кылып, «эгер радиорелейлик станцияны көчүрүп кетсек, Өзбекстан тоону алып коет деп чырылдап«, кошумча жер бөлүүгө баары каршы болуп, токтом кабыл алып Кыргыз өкмөтүнө жөнөтүшкөн…

Эски, бирок мамлекеттүүлүгүбүз үчүн маанилүү маалыматтарды козгонубуздун себеби, Үңкүр-Тоо илгертеден биздин жер, эгер бийликтегилер»биздики эмес, бизге кайтарып беришет» дешсе, «Үңкүр-Тоону ким, качан, эмне үчүн Өзбекстанга берип жиберген?», маалымат ачыкталышы керек… Анан күдүк ойлорду жаратчу ар кыл билдирүүлөрдү бийлик өзү таратып алып, кайра жокко чыгарып, танып, текстин өзгөртүп жарыялап, «чагымчылдык, көрө албастардын аракети, бузукулардын кылганы» сындуу адатка айланган айыптоолорду токтотушу керек го дейбиз… «Өзгөртөбүз, өнүктүрөбүз, баары башкача болот» деп келгенден кийин эски жаман адаттардан да арылыш керек…  

Анан чек ара маселесин да тең ата сүйлөшүү жүргүзүп чечесиздер деген ишенимдебиз… Биздеги маалымат боюнча Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%) такталган, кийинки маалыматтар боюнча андан бери дагы 10 пайызга жакыны такталган…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.