Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Садыр Жапаров кечээ эле түрмөдөн чыккан, эми ошол түрмөсү менен коркутууда»

Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Садыр Жапаров кечээ эле түрмөдөн чыккан, эми ошол түрмөсү менен коркутууда»

Учурда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралууда… 

Тилекмат Кудайбергенов Нарындагы «Жетим-Тоо» темир кенин коргоо кыймылынын жетекчиси. Ал Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы кечээ, 16-мартта, атайын маалымат тараткан. Алардын айтымында, ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө «бийликти күч менен басып алуу» жана «массалык башаламандыкка чакыруу» белгилери бар деп шектелүүдө. 

Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Тилекматты камасын, мени камасын…»

Тилекмат Кудайбергеновдун камалышы тууралуу «Ханституцияга каршы» борборунун төрагасы Жеңиш Молдокматов «Азаттыкка» мындай деп билдирген:«Тилекмат Кудайберген уулу акыркы күндөрү Садыр Жапаровдун кылган иштерине, мыйзамсыз аракеттерине, өзгөчө «Ханституциясына» каршы чыгып, туура эмес деп сындап чыккан. «Жетим-Тоо» боюнча каршы чыгып, кенди алып калган. Мына ошол жигитти кармап кетишти. Бирок, биз Садыр Жапаровдун кемчиликтерин айта беребиз, «Ханституциясын» сындай беребиз. Тилекматты камасын, мени камасын, баарын камап бүтө алышпайт. Садыр кечээ эле түрмөдөн чыккан, эми ошол түрмөсү менен коркутууда. Садырдын да түрмөсүн көрүп чыгалы».

Садыр ЖАПАРОВ: ««Жетим-Тоо» Кытайга берилди, жерди алып коет» деген калп»

Коомчулуктабы, саясий чөйрөдөбү, бардык жерде эле: «Жетим-Тоодогу» темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт Кытайга берет» деген кеп айтылып келатат. Мындай кепти былтыр, декабрдын аягында президенттик аппарат четке кагып, маалыматты төгүндөп, темир кени мамлекеттин менчигинде турганын билдирген.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда берген басма сөз жыйындарынын биринде «Жетим-Тоо» кени чет мамлекеттерге берилбей тургандыгын, аны Кыргызстан өзү иштетээрин айткан эле. Өткөн жылы 27-декабрда Нарын облусуна барганда да, жолугушууга келген эл «Жетим-Тоонун» тагдыры тууралуу суроо узатышкан болчу. Ал суроого Жапаров: «Жетим-Тоо» темир запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин ичинен 2-орунда турат. 500 жылга жете турган запасы бар. «Жетим-Тоо» 100 пайыз өзүбүздө, мамлекеттин менчигинде турат, андыктан бир дагы чет элдик компаниянын кенди чалгындоого жана иштетүүгө укугу жок. 100 пайыз колубузда тургандан кийин, бир дагы чет өлкөлүк жаранды аралаштырбашыбыз керек. Башчысынан шоопур, пол жуугучуна чейин өзүбүздүн жарандар иштейт. «Жетим-Тоо темир кени Кытай компаниясына берилди, алар карызыбыз үчүн жерибизди алып коёт экен» деген калп, жалган маалымат» деп жооп берген эле…

Кытайга карызыбыз канча?

Финансы министрлигинин өткөн жылы — 2020-жылдын 31-августуна карата берген маалыматында Кыргызстандын жалпы карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн эле. Анын 646 млн. доллары — ички карыз, 4,180 млрд. доллары — тышкы карыз. Эӊ көп карызыбыз Кытайга таандык. Тагырагы, 1,778 млрд. доллар — Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан (Эксимбанк) алынган насыя үчүн төлөнчү карыз.

Кошумчалай кетсек, узундугу 40 чакырымга созулган, 6 участоктон турган «Жетим-Тоо» кени Нарын облусунда жайгашкан. Анда (2010-жылдагы эсептөөлөр боюнча) 3 млрд 344 тонна темир бар экени айтылып келет…

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Садыр Жапаров кечээ эле түрмөдөн чыккан, эми ошол түрмөсү менен коркутууда»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.