Аида Салянованын «лицензия» боюнча ишин Жогорку сот жокко чыгарды

Аида Салянованын «лицензия» боюнча ишин Жогорку сот жокко чыгарды

Бүгүн, 23-мартта, мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин Жогорку сот кайра карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды.

Аида Салянованын айтымында, Жогорку соттун чечимине ылайык иш Ленин райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан.

Эске сала кетсек, Аида Саляновага «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айып тагылган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу (жазаны Аида Салянова кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган) чечим чыгарган. Мындай чечимди кийинки соттор да күчүндө калтырып келген. Күнкарама, бийлик буйругун аткарып келген соттордун мындай чечимин Аида Салянова, адвокаттары, тарапкерлери саясий чечим болгонун далилдүү баса белгилеп айтып келишкен.

ЗУЛУШЕВ: «Саляновага мыйзамсыз өкүм чыккан, анын күнөөсү жок»

Учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү да Жогорку Кеңеш депутаты болуп турганда бул иш тууралуу калыс пикирин билдирген болчу. Ал Аида Саляновага мыйзамсыз өкүм чыкканын, анын эч күнөөсү жоктугун, жок жерден соттолуп жаткандыгын айткан эле. «Аида Салянова милдеттүү түрдө лицензияны бериши керек болчу. Эгерде лицензияны бербей койсо, анда жоопко тартыш керек эле» деген сөзүн төмөндөн көрүп, угуңуз, окурман!

ЕЛИСЕЕВ: “Аида Салянова лицензияны узартууда мыйзам бузган эмес”

Атүгүл Алексей Елисеев да ага лицензия берүүдө Аида Салянованын күнөөсү жоктугун баса белгилеп айткан эле учурунда. Ал Аида Жеңишбековнанын юстиция министри болуп тургандагы милдетин, мыйзамдуу жагын «Азаттыкка» маек берип жатканда түшүндүрүп берген. Анын ал айтып бергени төмөндөгү ВИДЕОдо 10 мүнөттөн кийин көрүп, уксаңыз!

Аида Салянованын мыкты мыйзамдары…

Жогорку сот ушуларды, адвокаттардын айткандарын эске алып калыс чечим чыгарып берди. Адамдын өзүнөн өч алуу эмес, мыйзамдуу жагын карашты. Дегенибиз, Атамбаевдин убагында мыйзам жагы каралбай эле өч алуу жана соттор анын буйругун аткарып калгандыгы ачуу чындык. Так кесе айтканда, Аида Салянова жалган жалаа, Атамбаевдин буйругу менен гана соттолгон десек болот.

Аида Салянова депутат болуп турганда мыкты мыйзам жазгандыгы, ага андагы президент Атамбаев кол койбой койгондугу боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.