Бообек АЖИКЕЕВ: “Мамлекеттин акчасын бекер коротконду токтоткула!”

Бообек АЖИКЕЕВ: “Мамлекеттин акчасын бекер коротконду токтоткула!”

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары менен аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, министр Кыргызгидромет агенттигине, Капиталдык курулуш департаментине жана Суу ташкындарынын алдын алуу агенттигине алып барып жаткан иштерин тездетүүнү буйруп, мындан ары ӨКМ кызматкерлеринин сыртка жасап жаткан иш сапарларын өз көзөмөлүнө алаарын билдирген.

«Техника өнүккөн заманда, өтө маанилүү маселе болбосо, иш сапарларына чыгуунун кажети жок, мамлекеттин акчасын бекер коротконду токтоткула!» – деп министр катуу ачууланган экен .

Ошондой эле Ажикеев ар бир кызматкердин аттестациядан өтүү зарылдыгын, анын максаты кызматкерлерди иштен кетирүү эмес, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу деп эскертиптир.

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.