Маданият министри Малик Аликеевге «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамын Таластагы үйүнө барып тапшырды

Маданият министри Малик Аликеевге «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамын Таластагы үйүнө барып тапшырды

Бүгүн, 4-апрелде Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Талас облусуна иш сапары менен барып, ырчы Малик Аликеевге сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министр алгач К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болуп, андан кийин А. Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын 75 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктардан кабар алган. Ага улай Талас шаардык музыкалык мектептин учурда жасап жаткан иш-аракеттерин жана  Улуттук «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексинде жүрүп жаткан жаңыланууларды эмгек жамааттары менен талкуулаган.
Мындан сырткары, министр азыркынын тоо булбулу Малик Аликеевге эчак эле берилчү «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамын ырчынын үйүнө — Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барып тапшырган. Ырчынын үй-бүлөлүк абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Мариповдун атынан материалдык жардамды тапшырган.

Эске сала кетсек, ырчы Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө былтыр эки жолу операция жасаткан. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатканда, ал кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да Малик Аликеевден кабар алып, жардам көрсөткөн эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.