ВИДЕО — Президенттин куттуктоосу. 80 жаштагы ажы апанын ак батасы

ВИДЕО — Президенттин куттуктоосу. 80 жаштагы ажы апанын ак батасы

Бүгүн, 13-апрелде — Ыйык Рамазан айы башталды. Президент Садыр Жапаров Орозо айы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен төмөндө.

Садыр ЖАПАРОВ: «Орозо — мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана күнөөлөрдөн сактануунун айы»

Ассалому алейкум, урматтуу мекендештер!

Сиздерди мусулмандардын көптөн күткөн берекелүү Орозо айы менен чын дилимден куттуктайм.

Орозо (Рамазан) — ислам дүйнөсүндөгү ыйык айлардын бири. Бул айда мусулмандардын ыйык китеби — Куран түшүрүлгөн. Орозо айында ар бир мусулманга орозо кармоо парз болуп саналат. Орозо кармоо мусулмандын ыйманын бекемдеп, аны тартипке жана Алла-Тааланын өкүмдөрүн так аткарууга үйрөтөт.

Орозо — ден соолукту чыңдай турган гана эмес, адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана күнөөлөрдөн сактануунун айы, сабырдуулуктун мектеби. Себеби бир гана тамак менен суудан эмес, жаман ойлордон, ашыкча сөздөн жана суук көздөн, ушак айтуудан, жалаа жапкандан, жалган сүйлөөдөн да орозо кармоо зарыл.

Орозо айы туугандар жана жакын адамдар менен мамилени бекемдөөнүн чоң мүмкүнчүлүгүн ыроолойт. Андыктан бул күндөрү муктаждарга кайрымдуулук иштерин жасоо менен башкалардын ырыскысына себеп болуу абзел. Ошондой эле бул ай ичинде Жаратканга жалынып, аруу ой-максаттар, тилектер жана ибадаттар кабыл боло турган убакыттар катылган.

Орозо айында Жараткан ар бир үй-бүлөгө бакыт, береке, кубаныч жана ынтымак тартууласын. Ал эми Ыйык Мекенибизге тынчтыкты, туруктуулукту, токчулукту жана өнүгүүнү алып келсин.

Шарапат АПА: «Кыргыз элимдин алтын башы аман болсун!»

Президентти да Шарапат апабызга окшогон эне жарык дүйнөгө алып келген. 80 жаштагы Баатыр эне, Эмгек ардагери, айтылуу Чыӊгыз Айтматовдун аяшы Нуралиева Шарапат ажы апабыз да кыргыз элин куттуктады:

— Урматтуу кыргыз элим, Ыйык Рамазан айыӊар кут болсун. Кармаган орозоӊор кабыл болсун! Алла Талаа сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук берсин!

Кудай сиздерге бак берсин, бак берсе, бат берсин.

Өмүр берсин, өмүр берсе, үзбөй берсин.

Көӊүл берсин, көӊүл берсе, Көлдөй берсин!

Ырыс берсин, ырыс берсе, дурус берсин!

Босогоӊор бек, түндүгүӊөр бийик болсун!

Асманыӊар ачык, маӊдайыӊар жарык болсун!

Ар бир баскан изиӊерди ийгилик коштосун!

Куураган коронавирус болбосун,

Тоодон ашып кетип, жоголсун!

Кыргыз элимдин алтын башы аман болсун,

Башыбыз кемибесин, көбөйсүн!

Кыргызстанды суук көздөн, жаман сөздөн сактасын!

Келген ажобуз ак жолтойлуу, ыймандуу,

Кыргыз элим ырыс-кешиктүү болсун!

Эл аман болсо, эл ичинде биз аманбыз!

Өрнөктүү өмүр сүргүлө!

Ынтымактуу болгула!

Оомийин. Оомийин. Оомийин!

Эненин мээриминдей мээрим болбойт!

«Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт,

Энесиз үйгө барсаӊ көӊүл толбойт.

Канчалар мээрим төгүп турса да,

Эненин мээриминдей мээрим болбойт!»

Үйдүн куту Шарапат апабыздын ак батасы кабыл болсун! Асыл АПАЛАРЫБЫЗГА Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, Кыргыз эл артисти, ырчы, обончу Ибрагим Жунусовдун «Алтын Апа» аттуу ырын тартуулайбыз:

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Алла Таала эселеп кут береке берип, аны «он эки айдын султаны» атаган Ыйык Рамазан айы менен бардык момун мусулмандарды куттуктайт! Орозоӊуздар кабыл болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.