Мамлекеттик мекемелерде туу түшүрүлүп, 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыяланды

Мамлекеттик мекемелерде туу түшүрүлүп, 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыяланды

1-2-май күн улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда кол койду. Президенттин токтому төмөндөгүдөй:

— 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туу түшүрүлсүн;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;

— өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон. 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды. Акыркы маалыматтарга таянсак, жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 киши.
Баткен облустук милициясынын айтымында, Тажикстан менен чектеш аймактарда атышуу токтоп, 1-майга караган түн тынч өткөн.

«Алакан” сайтынын эмгек жамааты чек арадагы чырдан улам курман болгондорго терең кайгыруу менен жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

2 thoughts on “Мамлекеттик мекемелерде туу түшүрүлүп, 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыяланды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.