ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн…»

ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн…»

Эсен болуп, эстей жүр!

 «Жакшы сөз менен байымдын сөөгүн агарткандарга, аманатын аткаргандарга алкыш!»

13-июнь, Эрнис АСЕК уулу жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо бүгүн 51 жашка чыкмак. Былтыр 26-январда 50 жылдыгын белгилөө, поэзия кечесин өткөрүү максатта Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков экөөбүз көндүрүп, көп нерсени пландап кубанып тараган элек. Бирок, тилекке каршы, үч күндөн кийин — 29-январда капилеттен жүрөгү кармап көз жумуп, кайгыга салып кеткенине 1 жыл 4 ай 13 күн болду.

25-апрель, поэзия кечесин өткөрсөк деген бул датаны өзү койгон. Ошол керээз-аманаты былтыр коронавируска байланыштуу өтпөй калып, быйыл Улуу Рамазан айына туш келип, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашты. Программасын да өзү жазып кеткен эле. Ошол кагазга жазылганга жан киргизип берген атактуу адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Анткени алар  байымдын байлыгынын бири болгон ырларын окуп, жакшы сөз менен сөөгүн агартышты…

«Бар байлыгым — балдарым, ырларым» деп калчу эле байым…

Эрнис АСЕК уулу:  «Жакшы көрөмүн го?!»

Аманатты аткаргандарга ыраазычылыгымдын башын байымдын сөзү менен баштайын:

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн».

Канчалык улук болгону менен кичик болгон жакшы адамдарым, ичинде ушул жакшы адамдардын жолун жолдочу кыздарыбыз да бар:

  1. Түгөлбай Казаков (Кыргыз Эл артисти);
  2. Каныкей Эралиева (Кыргыз Эл артисти);
  3. Байма Сутенова (КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор, жазуучу);
  4. Ишенбек Султаналиев (Ж.Баласагын атындагы КУУнун филфагында мугалим, профессор);
  5. Шайып Абдыгапаров (Эрнистин жердеши, Кызыл-Туу айылынан атайы келген айылдаштарынын атынан сөз сүйлөп аманатын аткарды)
  6. Амантай Кутманалиев (КРнын эмгек сиӊирген артисти, ак таӊдай акын)
  7. Аида Салянова (мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат, мурдагы министр);
  8. Өмүрбек Текебаев (экс-депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери, КРнын эмгек сиңирген юристи);
  9. Нурлан Калыбеков (Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы, Жолон Мамытов, Казакстандын Мукагали Макатаев, Габит Мусрепов, Орусиянын Сергей Есенин атындагы адабий сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, 90го жакын китептин автору);
  10. Нуржигит Кадырбеков (мурдагы маданият министри, «Ыйман Нуру» партиясынын лидери);
  11. Асан Турсункулов (белгилүү философ, мекенчил сүрөтчү);
  12. Кенжебек Алдаяр (белгилүү комузчу, обончу, күүчү);
  13. Руслан Курманалиев (маданияттын мыкты кызматкери, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын белдүү, мыкты актеру);
  14. Алтынай Нарбаева (КРнын эмгек сиӊирген артисти, ырчы);
  15. Стамгүл Турдалиева (белгилүү ырчы, 1946-68-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист болуп эмгектенип кеткен обончу, ырчы Төлөш Турдалиевдин кызы);
  16. Элзар Өскөнбаева (Кыргыз Улуттук Филармониянын ырчысы);
  17. Токтобек Асаналиев (КРнын эмгек сиӊирген артисти, ырчы, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын доценти);
  18. Үсөнбек Дайырбеков (журналист, акын);
  19. Атахан Кожогулов (тележурналист, акын);
  20. Айчүрөк Борукеева (эркин журналист);
  21. Асел Эшимканова (Мелис Эшимкановдун жубайы);
  22. Тимур Дайрабаев (опера ырчысы);
  23. Мелис кызы Миэлла (окуучу, 13 жашта);
  24. Акак Жакшылыкова (окуучу, 5-класс).

Чыгармачылык сапар менен аймак-аймактарга чыгып чолосу тийбесе да, алтын убактысын бөлүп Эрнистин программасын ирээтке келтирип, кеӊеш берген Кыргыз Эл артисти, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын режиссёру Эген Чалабаев байкеге, ал программаны андан ары бышыктап сахналаштырган Кыргыз Эл артисти, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтовго, 25-апрелде эскерүү кечесине баш-көз болгон анын ассистенти Умарбек Кадыровго, үн оператору Медер Дуйсембиевге жана эскерүү башындагы жоктоо ырын жазып берген ак таӊдай акын Жеӊишбек Жумакадырга, жоктоо ырын муӊдуу обонго салып алып чыккан мыкты дастанчы, «Эл ырчысы Эстебес» тобунун солисти, ырчы Өмүрзак Кайыповго жана «Каалга» аттуу китептин мукабасына сүрөт тартып берген белгилүү сатирик, карикатурист Төлөгөн Карыкеевге (Кимбайке), баш сөз жазып берген Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевге тереӊ ыраазычылык билдирем.

Назира СААЛИЕВА

3 thoughts on “ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.