Түгөлбай КАЗАКОВ: «Кыргызда: «Даттанба, актанба, мактанба!» дейт. Эрнисте ушул үч сапат бар болчу»

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Кыргызда: «Даттанба, актанба, мактанба!» дейт. Эрнисте ушул үч сапат бар болчу»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 24 күн болду… 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис ЭШИМКАНОВ да эскерилүүдө…Мелис байкебиздин көзү өткөнүнө (2011-жылы, 15-сентябрда каза болгон) быйыл 10 жыл болот. Эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда, жаркын элестерине арналган ырлар жаралууда.

А биз, Эрнистин көзү өтсө да сөзүн өткөрбөйбүз, аны элге жеткирүүнүн бир милдети катары редакцияга келген эскерүүлөрдү, 25-апрелдеги эскерүүнү улантып берип турабыз…

Эрнис АСЕК уулу: «Мени Түкөм жакшы билет»

25-апрелдеги эскерүү кечеде Эрнистин аманатынын аткарган жакшы адамдардын бири — Түгөлбай байкебиз. Байым көзүнүн тирүүсүндө: «Түкөм мени жакшы билет,  байкеме жакында жолугам, поэзия кечемди алып барып бериӊиз деп айтам» деп кубанды эле. Тилекке каршы, ошол тилегине жетпей кетти. Поэзия кечесин өткөрөлү дегенибизге канча макул болбой жүрүп, макул болгон жылы каза болуп калганына ичим аябай ачышат. «Түкөм» деп жакшы көрчү байкеси алып барган поэзия кечеси да, балким, бир сонун өтмөк беле дейм…

Ооба, Эрнис Түгөлбай байкени аябай жакшы көрчү, дайыма сыймыктануу менен айтчу: «Абдан бийик, залкар инсан. Мыкты ырларын угуп чоӊойдук да. Ушундай улуу адам менен чогуу иштеп калганыма сыймыктанам. Жаман иштен алыс, ар бир ишке калыс караган адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен бизге үлгү болду. Ушундай уулу адамды барктап, баалай албай жүрөбүз. 70 жылдыгында кол кабыш кылаармын» деп калчу. Ал тилегине да жетпей кетти, арман…

Шедевр ырлары, оор басырыктуу, салмактуу мүнөзү, сүйлөгөн сөзү менен жамы кыргызга күзгү да, үлгү да болуп келаткан Кыргыз Эл артисти Түгөлбай байкебиздин дагы-далай жакшылыгына күбө болорбуз. А азыр, 70 жылдык мааракеси менен дагы бир жолу куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалап, тереӊ ыраазычылык билдиребиз. «Тирүүлүктүн өзү чоӊ майрам» деп Эрнис айткандай, ар бир күнүӊүз майрам болуп, баскан изиӊизди ийгилик коштосун!

Назира СААЛИЕВА

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Эрнис коомдон өйдө суурулуп чыгып кеткен адамдардын бири болчу»

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Эрнис артына укмуш котормолорду таштап кетти…»

Жарык көрө элек китептери:

М.А.Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы;

Ж.Кришнамуртинин “Белгилүүдөн эркин бол” (“Шамчырак”);

Р.Акутагава. Новеллалар;

Р.Мишвеладзе. «Күтүүдөн чарчагандар»;

Э. Мулдашев. «Кудайлардын шаарын издеп…» ;

А.Поркья. «Үндөр» ;

В.Высоцкий. Аӊгемелери, ырлары;

Н.Наматбекова»Политология» окуу китеби.

Мындан тышкары, бүтпөй калган китептери: Мелис Эшимканов, «Кагындылар», «Чоӊ жинди». 

КУН ФЫ ЗЫ: «Акылдууну көрсөң, ага жетүүгө умтул, акылсызды көрсөң, ички дүйнөңө үңүл»

Устат айтты эле:

— Акыйкатка умтулуп дүйнө тааныса да,

бирок кийген кийиминен, жеген тамагынан уялса,

аны менен кеп уруп да кереги жок.

* * *

Устат айтты эле:

— Өз кызыкчылыгын ойлогон киши элдин жаалын көбөйтөт.

* * *

Устат айтты эле:

— Мамлекетти каада-салтка жараша эби менен башкарса, эмне кыйынчылык болушу мүмкүн?

Эгерде мамлекетти каада-салтка жараша эби менен башкарууга мүмкүн болбосо, анда каада-салттын эмне кереги бар?

* * *

Устат айтты эле:

— Акылдууну көрсөң, ага жетүүгө умтул,

акылсызды көрсөң, ички дүйнөңө үңүл.

* * *

Устат айтты эле:

— Ата-энеңе кызмат кылып жатып, каймана сүйлөп көндүргүн.

Каймана сөздү түшүнүшпөсө, сыйыңан жазбай, сөздөрүн эки кылба.

Жиниңе тийишсе, нааразы болбо.

* * *

Устат айтты эле:

— Ата-энең тирүү кезинде, узак сапарга аттанба,

аттанып калсаң, дарегиңди билгизип тур.

* * *

Устат айтты эле:

— Ата-бабаларыбыз сөзүн жерге таштаган эмес,

анткени убадасын аткаралбай калбайын деп коркушкан.

* * *

Устат айтты эле:

— Изги киши жалгыз болбойт,

жок дегенде жакшы коңшу-колоңу болот.

* * *

Устат:

— Эгерде окуумду эч ким кабыл албаса, кайыкка түшөт элем да, деңиз менен сүзүп кетет элем.

Менин жанымда шакиртим Зы-лу болмок,- дейт. Бул сөздөргө Зы-лу абдан сүйүнөт.

Анда Устат:

— Зы-лу эр-жүрөктүгү жагынан алдына киши салдырбайт,

бирок кайык жасаганга бир чырпык табарына күмөнүм бар,- деген экен.

* * *

Үү зы айтты эле:

— Ата-энесин ардактап, улууну урматтаган оңою менен бийликке каршы аттанбайт.

Бийликке каршы аттангысы келбей туруп, бүлүк салганды көксөгөн адам болгон эмес.

Ак ээк ар дайым түпнегизге түнөт. Түпнегиз түптөлгөндө Жол-Жосун (Дао) ачылат.

Ата-энени ардактоо, улууну урматтоо – мынакей адамкерчиликтин түпнегизи.

* * *

Устат айтты эле:

— Кооз сүйлөп, олуттуу түр көрсөтүп, калптын казанын кайнатуу – адамгерчилик менен кайнаса каны кошулбайт.

* * *

Зен зы айтты эле:

— Мен күнүнө өзүмдү үч жолу сынап турам:

Элге чын жүрөктөн кызмат кылып жатамбы?

Жоро-жолдошторум менен чын ниеттен сүйлөшүп жатамбы?

Устатымдын айткандарын аткарып жатамбы?

* * *

Устат айтты эле:

— Атаң тирүү кезинде — айтканынан чыкпа.

Атаң өлсө – айтып кеткендерине абай сал.

Үч жыл бою атаңдын Жол-Жосунун өзгөртпө.

Дал мына ушул ата-энени сыйлаган ата баласы деп айтылат.

* * *

Үү зы айтты эле:

— Каада-салтты аткарсаң, ырыс алды ынтымак,

байыркы кандардын Жол-Жосуну жерде калбасын,

чоң иш болобу, кичи иш болобу, ошол нарк-насилди бекем тут.

Бирок эмнеге жол бербеш керекти да билип ал:

эң башкысы каада-салттын кадыры менен ынтымакты чектебе – ал ырысыңды тебелегениң.

* * *

Зыкүн айтты эле:

— Бей-бечара, бирок кошоматчы эмес, бай-бачара, бирок текебер эмес – буга не дейсиңер?

Устат айткан экен:

— Жаман эмес! Кеп анда да эмес. Кедей болсоң – кенен бол, бай болсоң — барктуу бол.

* * *

Устат айтты эле:

-Эл мени тааныбайт деп кайгырбайм.

Мен элди тааныбаганыма өкүнөм.

* * *

Устат айтты эле:

— Эгерде элди бир гана  мыйзамдар менен башкарып, тартипти күч менен кармап, жаза менен коркутсаң,

анда эл мыйзам менен тартипти айланып өтүп, анысынан уялып да койбойт.

Эгерде элди Дээр (изгилик) менен башкарып, тартипти каада-салт менен кармай билсең,

эл уятын сезип, өзү эле баш ийип берет.

* * *

Устат айтты эле:

— Он бешимде окууга дилгирлендим,

отузумда өз алдынчалыкка жеттим,

кырк жашымда эч нерседен шектенбей калдым,

элүүмдө Теңирдин эркин түшүндүм,

алтымышка чыкканда чындык менен жалганды ажырата билдим,

жетимишимде жүрөгүмдүн эрки менен болуп, каада-салтты бузбай келем.

* * *

Устат айтты эле:

— Эзелкини эсинен чыгарбай, жаңыны жадына түйгөн гана Устат болалат.

* * *

Устат айтты эле:

— Окуп жатып ойлонбосо — убакыттын текке кеткени,

Ойлонуп туруп, окубаса – өлгөнү.

* * *

Устат айтты эле:

— Акыйкатты айталбаган Окууга берилгениң өтө зыяндуу.

* * *

Зыжан шакирти мансап үчүн билим алчу.

Устат мындай деди:

— Азыраак сүйлөп көп тыңша, эч нерседен шектенбе,

бир нерсе жөнүндө абайлап сөз кыл,

ошондо азыраак жаңыласың.

Көбүрөөк байкоо жүргүз, кырсыктан кач,

бир нерсеге аяр мамиле кыл,

ошондо азыраак кейийсиң.

Сөзүңөн чанда жаңылсаң,

кылганыңа көп кейибей каласың,

ошондо мансапка оңой жетесиң.

* * *

Бирөө сураган экен:

— Эмне үчүн сиз мамлекеттик башкарууга катышып, кызмат кылбайсыз?

Устаттын айтып турганы:

— «Шу зин» (тарыхый китеп) китебинде мындайча айтылат: «Ата-энеңди сыйласаң, бир туугандарың менен ынтымакта болсоң, аны эл башкарууда колдонсоң» деп.

Мунун өзү мамлекетти башкаруу. Анан мен кызматка орношуп эмне кылам?

* * *

Устат айтты эле:

— Эгерде адам баласында адамгерчилик жок болсо, каада-салттан не пайда?

Эгерде адам баласында адамгерчилик жок болсо, обологон обонуңан не пайда?

* * *

Ар бир айдын башында Ата-бабанын ыйык өргөөсүндө түлөө берилет.  Зыкүн түлөөгө бир коюн курмандыкка жетелеп келет.

Аны көргөн Устат:

— Зыкүн! Сен үчүн ушул кой баалуу, мен үчүн ушул үрп-адат баалуу,- деген экен.

* * *

Дүн-күн сурап калат:

— Падыша бектерди кантип башкарат да,

бектер падышага кандайча кызмат кылат?

Анда Устат:

— Падыша бектерди каада-салт менен башкарат,

бектер падышага чын ниеттен кызмат өтөйт.

* * *

Устат айтты эле:

— Адамгерчиликке умтулган гана жамандыкка жол бербейт.

* * *

Устат айтты эле:

— Жаңылган адам – кимди колдогонуна жараша аныкталат.

Кетирген каталарына абай сал,

канчалык адамгерчиликтүү экенин түшүнөсүң.

Эрнис АСЕК уулу

Кун Фы Зы. 2016-жыл 

«Кубаныч илими»

Жашаш керек нурун чачып Сүйүүнүн,
Сени менен жолуккандын баарына.
Касиеттүү болуш эмес максатың,
Максатың — бул болуу дайым ак, таза.

Күнүмдүк бүгүңкүңдө максат керек:
Өзүңдү бүгүнкүгө байлап салуу,
Өзүңө, өзгөгө да чын дилиңден
Кубаныч тамчыларын арнап калуу.

Капалуу бирөөнү да жолуктурсаң,
Кубаныч нурун чачкын жашоосуна.
Алсыздык ээлеп келсе, кеңеш сурап,
Күчүңөн берише көр жолдошуңа.

Ошондо бүт өмүрүң өзгөрүлүп,
Батасын алып канча адамдардын,
Ак бата ак жолуңа алкыш болуп,
Арыштуу болор андан кадамдарың.

Өмүрдө кайгы болот, көз жаш болот,
Күч жеткис, көтөрө алгыс азап болот.
Унутпа Кубанычтын бар экенин!..
Кубаныч менен адам күчкө толот.

Эрнис АСЕК уулу

«Каалга» китебинен

Эскерүү кечесинин толук чыгарылышы:

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.