Эркин САТКЫНОВ: «Балдарга туура тарбия берсек, келечекте мыкты муунду өстүргөн болобуз»

Эркин САТКЫНОВ: «Балдарга туура тарбия берсек, келечекте мыкты муунду өстүргөн болобуз»

ИИМдин басма сөз кызматы дайыма мыкты адистерин жазып келет. Бу жолу Бишкек шаарынын Октябрь ИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык тескөөчүсү милициянын улук лейтенанты Эркин Саткынов тууралуу жазышты. 

Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн башкы тапшырмаларына коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштарды жана укук бузууларды эскертүү боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү, жарандар менен ишенимдүү мамилени түзүү кирет.

Бул тапшырмаларды милициянын улук лейтенанты Эркин Саткынов дагы 2018-жылдан бери жоопкерчиликтүү аткарып келет. Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп жатканына 8 жылдын жүзү болду. Кесиптешибиз бул аралыкта кызматын абийири менен так аткарган жана жетекчилиги менен жолдошторунун алдында абройлуу кызматкерлердин бири. Ал жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, ички иштер органдарында кызмат өтөөнү чечип, алгачкы кызматын күзөт кызматынан баштаган.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, бул аймактагы кылмыштуулук менен укук бузууларды алдын алып, эл менен тыгыз иштешип, өзү тейлеген аймактагы жашоочулардын арасында сый-урматка ээ болгон милициянын аймактык тескөөчүсү. Аны сөзгө тартып, милициянын аймактык тескөөчүлөрү кандай сапаттарга ээ болуш керектиги тууралуу сураганыбызда, “Милициянын аймактык тескөөчүлөрүн өз ишинин универсалдары деп атап коюшат. Анткени, биз документтерди, протоколдорду толтуруу, алдын алуу иштерин жүргүзүү, рейддерге чыгуу, кылмыштардын бетин ачуу менен дагы алектенебиз. Эң башкысы жарандар менен баарлашуу, жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана эркиндигине болгон кол тийбестик укугун коргоону камсыздоо боюнча иштерди алып барабыз. Андан сырткары, калк менен жакындан иштеген милициянын аймактык тескөөчүсү ар бир адамдын тилин табыш үчүн психолог болушу керек. Анткени, ар кандай жагдайларга жараша улгайган адамдар, жаштар, турмуштук абалы оор жарандар менен маектешүүгө туура келет. Ар бирөөсүнө өзүнчө мамиле жасап, алар менен маектешип, кеңештерди берип турабыз. Ошондуктан милициянын аймактык тескөөчүсү элдин көйгөйүн жакындан билип, аны чечүүгө ар дайым колун сунган кесипкөй адис десем жаңылышпайм”, — деп жооп берди.

Эркин Саткынов өз аймагын мыкты өздөштүргөндүктөн алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө тоскоолдуктар жок экендигин билдирди. Өзү тейлеген Ата-Түрк паркы жана анын айланасындагы үйлөрдү күн сайын текшерип, кыдырып, эс алууда жүргөн жарандар, бул аймакта жашаган жашоочулар менен маектешип турат.

«Азыркы учурда жайкы каникул маалы болгондуктан, шаардагы балдар көп убактысын үйлөрүндө өткөрүп жаткандыктан, алдын алуу иштерин дагы күчөтүүдөбүз. “Сактыкка кордук жок”  дегендей, балдарды өз учурунда тарбиялап, туура жолду көрсөтүп, көзөмөлгө алса, көптөгөн каргашалуу окуяларды, көйгөйлөрдү алдын алып койсок болот. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” дегендей, балдарга туура тарбия берип, туура жолго сала турган болсок, келечекте мыкты муунду өстүргөн болобуз”, — дейт Эркин мырза.

ИИМдин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.